21:40 19 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.2210
  • EUR79.2319
  • RUB1.0782
Бишкек шаарынын акча алмаштыруу жайынын биринде. Архив

Бишкекте доллар 70 сомго чейин түштү

© Sputnik / Азамат Тотубаев
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
44120

Мындан эки ай мурун бир доллардын баасы 76 сомдон кем эмес болчу. Бирок, акыркы эки күндөн бери доллардын куну түшүп баштады.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Бишкек шаарында доллардын сомго болгон куну арзандап жатканын борбор калаадагы акча алмаштыруу жайларынан Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди. 

Мындан эки ай мурун доллардын курсу 76 сомдон кем эмес болчу. Бирок, акыркы эки күндөн бери доллар арзандап жатат. Кечээ акча алмаштыруу жайларында бир АКШ долларын 73 сомдон сатып, 72,5 сомдон сатып алышкан. 

Ал эми учурда бир АКШ долларын 70, 71 сомдон сатып алып, 71,5 сомдон 73 сомго чейин сатышууда.

Эксперттер доллардын курсу 70 сомго чейин төмөндөй турганын билдиришкен. Анын себебин сомдун тартыштыгы менен башка валюталардын күчтөнүшүнө байланыштырышкан.

Евро жана ЕВЭБ валюталарынын долларга карата жыл ичиндеги өзгөрүүсүн Sputnik инфографикасынан көрүңүз>>

 

Тема боюнча

Доллардын баасы 73 сом болду
Жыл ичинде ЕАЭБ валюталары менен евронун долларга карата өзгөрүүсү
Белгилер:
доллардын курсу, доллар, сом
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ