Экономика министрлиги: Кыргызстан сооданы интернет аркылуу өнүктүрүүгө белсенип жатат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүБиржа кызматкери. Архив
Биржа кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик Кыргызстандын географиялык абалы сооданын өнүгүшүнө ыңгайлуу экенин белгиледи.

ПЕКИН, 17-дек. — Sputnik. Кыргызстан электрондук сооданы өнүктүрүүгө ниеттенип жатканын Экономика жана өнөр жай министрлигинин инвестиция тартуу жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин директорунун орун басары Шумкарбек Адылбек уулу Пекиндеги форумда билдирди.

Кытайдын борбор калаасында кыргыз-кытай инвестициялык форум өтүп, анда инвесторлорго Кыргызстанда ишкерлик жүргүзүүнүн мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.

Министрликтин өкүлүнүн айтымында, форумдун алкагында электрондук сооданы өнүктүрүү боюнча макулдашууга кол коюлат.

"Биз дүйнө менен бирге кадам таштагыбыз келет. Интернет аркылуу соода кылуу 21-кылымдын талабына шайкеш келет. Бул кийинки муунга соода үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга жол ачылып жатканын билдирет", — деди Шумкарбек Адылбек уулу.

Ал өз сөзүндө Кыргызстандын географиялык абалы да соода үчүн абдан ыңгайлуу экенин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0