04:36 20 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8488
  • EUR77.2458
  • RUB1.0877
Картошка түшүмүн жыйноо. Архив

Сариев Орус-кыргыз кеңешин айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө чакырды

© Sputnik / Виталий Аньков
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
88 0 0

Өз кезегинде Орус-кыргыз иштиктүү кеңешинин төрагасы Иван Поляков кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракетти күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын кызматташуусунун алкагында айыл чарба жана кайра иштетүү тармактарына өзгөчө көңүл буруу керектигин премьер-министр Темир Сариев Орус-кыргыз кеңешинин төрагасы Иван Поляков менен жолугушуу маалында билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Сариев эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө ири мүмкүнчүлүктөр жана бул жаатта аткарчу иштер көп экенин белгиледи.

"Кыргызстандын алдында ЕАЭБге кошулган соң бир катар мүмкүнчүлүктөр ачылды. Бул интеграциялык долбоорлордон жарандарыбыз көп нерсени күтүүдө. Аларды ишке ашыруу үчүн биргеликте аракет кылышыбыз керек", — деди өкмөт башчы.

Премьер-министр кызматташтыктын алкагында айыл чарбасы, кайра иштетүү тармактарына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Өз кезегинде Орус-кыргыз иштиктүү кеңешинин төрагасы Иван Поляков кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракетти күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Тема боюнча

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ишкерлерге 608 миллион сом бөлдү
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду: насыянын көбү айыл чарбасына берилүүдө
Белгилер:
кеңеш, кызматташуу, айыл чарба, Кыргызстан, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ