Кыргызстанга Россиянын товарлары эң көп келет

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүФуры на зоне таможенного контроля. Архив
Фуры на зоне таможенного контроля. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, жети айдагы импорттун көлөмү 2,4 миллиард долларды түзгөн. Былтыр ушул мезгилде ал үч миллиард доллар болгон эле.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Башка мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанга Россиянын товарлары көп келе турганы Улуттук статистикалык комитеттин отчетунда айтылат.

Хамитов: Башкыртстан Кыргызстандын мөмө-жемишин импорттоого кызыкдар
Маалыматка ылайык, Россиядан январь-июль айларында келген импорттун көлөмү 824 миллион долларды түзгөн.

Экинчи орунда Кытай турат. Бул өлкөдөн жети айдын ичинде 495 миллион долларлык товар келген. 

Үчүнчү орунда 309 миллион доллар менен Казакстан турат.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, жети айдагы импорттун көлөмү 2,4 миллиард долларды түзгөн. Былтыр ушул мезгилде ал үч миллиард доллар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0