11:38 13 Бештин айы 2017
Түз эфир
Сариев БУУнун КРдагы өкүлү Аванесов менен.

Сариев БУУнун КРдагы өкүлү Аванесов менен Координациялык кеңештин даярдыгын талкуулады

пресс-служба правительства КР
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
14 0 0

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык өнүктүрүү боюнча департамент, Улуу Британиянын элчилиги, Европа союзунун өкүлчүлүгү, Германия өнүктүрүү банкы, Швейцария кызматташуу бюросу, БУУ, Дүйнөлүк банк, Эр аралык валюта фонду кирет.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Кыргызстандагы БУУ тутумунун туруктуу координатору Александр Аванесов менен кыргыз өкмөтүнө караштуу өнүктүрүү жаатындагы шериктер менен ɵз-ара аракеттешүү боюнча Координациялык кеңешке даярдыкты талкуулады. 

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, маектешүү учурунда "жашыл" экономика, туруктуу ɵнүгүү, ɵлкɵдɵгү шайлоо процесси, билим берүү тармагы, күнɵсканаларды салуу, ошондой эле Кыргызстандын ЕАЭБ кошулуу алкагындагы товар ɵткɵрүүчү тармактарды куруу сыяктуу маселелер ортого салынды.

Катышуучулар бул жолугушуу Кыргызстандын БУУӨП менен мындан аркы жемиштүү ɵнүгүүсүнɵ шарт түзɵрүн белгилешти. 

Жолугушуунун жыйынтыгында Сариев БУУ Туруктуу ɵкүлүнүн орун басары Шарма Прадипке кызматын аткаруу миссиясынын аякташына байланыштуу аткарылган иштери үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө бир нече донор-мамлекеттердин уюмдары менен өкүлчүлүктөрү, ошондой эле Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык өнүктүрүү боюнча департамент, Улуу Британиянын элчилиги, Европа союзунун өкүлчүлүгү, Германия өнүктүрүү банкы, Швейцария кызматташуу бюросу, БУУ, Дүйнөлүк банк, Эр аралык валюта фонду кирет.

Тема боюнча

Премьер БУУ өкүлү менен парламенттик шайлоо баш болгон бир нече маселени талкуулады
БУУнун башкы катчысы дүйнө жүзүн чыр-чатактарды 24 саатка токтотууга чакырды
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ