02:22 16 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.1798
  • EUR80.0687
  • RUB1.0522
Мал чарбасы. Архив

Диль Кыргызстанда асыл тукум чарбаларын уюштуруу планы жөнүндө айтты

Евгений Биятов
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
79 0 0

Вице-премьер-министр асыл тукум мал чарбасын колдоо жана өнүктүрүү боюнча конкреттүү пландар белгиленгенин айтып, бул тармак өлкө үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Вице-премьер-министр Валерий Диль Кыргызстанда асыл тукум чарбаларын уюштуруу пландары боюнча билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жума күнү ал өлкөдөгү асыл тукум малдын абалы менен таанышты.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, вице-премьер мамлекеттик асыл тукум станциясын жана мал чарбасы институтун кыдырып, станциянын илимий кызматкерлери жана кызматкерлери менен жолукту.

Жумушчу сапар Кыргызстан менен Германиянын ортосунда асыл тукум малды өстүрүү программасына байланыштуу болду.

"Немис тарап биздин тажрыйбабызды эске алып бул тармакты өнүктүрүү боюнча өлкөнүн чоң потенциалы бар деп эсептейт. Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташуунун алкагында жаңы технологияларды жана жабдыктрды колдонуу менен асыл тукум станцияларын уюштуруу каралууда", — деди Диль.

Жумушчу иш сапардын жыйынтыгында вице-премьер-министр асыл тукум мал чарбасын колдоо жана өнүктүрүү боюнча конкреттүү пландар белгиленгенин айтып, бул тармак өлкө үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.

Тема боюнча

КРдин сүт, быштак жана форель өндүрүүчүлөрү свердловдуктарды кызыктырды
Кыргызстан ЕАЭБ үчүн эт өндүрүүнү көбөйтөт
Катар Кыргызстанда өндүрүлгөн эт азыктарын импорттоого кызыгып жатат
Белгилер:
асыл тукум мал чарбасы, Валерий Диль, Германия, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ