Букмекерлер жана тотализаторлор: оюн бүттү

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүДоллар. Архивное фото
Доллар. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикада букмекердик конторалар менен тотализаторлордун ишине тыюу салынууда. Мыйзам 26-апрелде күчүнө кирет.

БИШКЕК, 15 апр — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев оюн кызматын сунуштоочу ишмердикке, ошондой эле оюн жайларын, атап айтканда, букмекердик конторалар менен тотализаторлорду уюштурууга жана кармоого тыюу салуу жөнүндө мыйзамга 11-апрелде кол койду.

Депуттардын тобу жана өкмөт демилгелеген бул жаңы мыйзам тартиби жаш муундардын өсүшүнө терс таасир кылуучу кумар оюндарынын социалдык кесепеттерин кыскартууга багытталган.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири депутат Төрөбай Зулпукаровдун айтымында, өлкөдө кумар оюндарынан көз карандылык маселеси курчуп, оюнкорлордун саны улам өсүүдө. Адам ойунга берилгенден ишке кызыгуусун жоготуп, "жеңил" акчага кынык алып калат.

Мыйзамга өзгөртүүлөр социалдык көйгөйөрдү, коомдо чыр-чатактарды чечүүгө, кылмыштын санын азайтып жана жаштарды кумар оюндарынаберилүүдөн коргого көмөк болот. Жаңы технологияларды жана оюндардын виртуалдуу мейкиндикте популярдуулугу өсүшүн эске алып, аталган мыйзам казино, букмекер жана тотализаторлордун онлайн ишмердигин жөнгө салат деп кошумчаады парламентарий.

"Бюджеттин толтурулушу менен оюн жайлары жарандарга келтирип жаткан зыянды бир таразага салбаш керек. Акча биздин энелердин, эже-карындаштарыбыздын көз жашына татыбайт. Бүгүн букмекердик жайлар негизинен Бишкекте жайгашкан. Бул ишмердик аймактарга жайылып кете электе чара көрүү керек", — деп баса белгиледи Зулпукаров.

Ошол эле учурда букмекердик ишмердик өкүлдөрү алардын иши жаш муундардын спортко болгон кызыгуусун көтөрөт дешет. Алардын пикиринде, букмекердик конторалар жаңы талаптарга ылайык жабылып, онлайн тартибине да букмекерлер өтө албайт. Ошол эле учурда бийлик бул маселени чечпейт, себеби көмүскө казинолор, электрондук акча коюулар бар.

"Бүгүн Бишкекте 10го жетпеген букмекердик уюм иштейт, алардын филиалдары көп. Анда иштегендердин саны беш миңге жакын. Мамлекет оюн ишмердиги тармагында иштеп жаткандардын тагдыры жөнүндө ойлобойт. Мен өзүм букмекердик конторада иштейм. Аны жаап ташташса, кайда барып иштеримди билбейм", — дейт борбордогу букмекердик конторалардын биринде иштөөчү Максат (аты өзгөртүлгөн).

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтан билдиргендей, мыйзам күчүнө киргенден кийин тыюу салынган оюн жайлары табыла турган болсо, мыйзам бузуучуларга каршы катуу чаралар көрүлөт. Виртуалдык мейкиндиктеги оюн жайлары да көзөмөлгө алынат. 

Оюнкорлордун арасында букмекердик контораларды жабуу жөнүндө маалыматты тынчсыздануу менен кабыл алышты. 

"Букмекердик конторалардын жабылышы менен мен ырахат алуунун негизги булагын, ойноо мүмкүнчүлүгүмдү жоготом. Досумдун болсо баш оорусу бөлөк — ал негизги киреше булагын жоготту", — дейт букмекердик конторага дайым келүүчү Тимур (аты өзгөртүлгөн).

Ал Бишкекте жаштар арасында популярдуу болгон бир нече ири Бинго-лото түйүнү ишей турганын айтты. 

Өз кезегинде оюнкорлордун жакындары жана туугандары мамлекет киргизген чара оюнга көз карандылыкка каршы күрөштө олуттуу жардам болот деп эсептешет. 

"Бул көйгөйгө менин үй-бүлөм да туш болду. Жолдошум бир нече жыл тапкан акчасынын баарын оюн автоматтарына жумшап келген Үй-бүлө, бала-чака дегенди таптакыр унутуп койгон болчу. Автоматтарга тыюу салынгандан кийин букмекердик акча коюуларга өттү, оюнун токтоткон жок, а түгүл, азгырыктан кутулуш үчүн өлкөдөн да кетип калды. Азыр мыйзамдын кабыл алынышы менен мүмкүн ал кайрылып келсе, жашообуз мурдагы нугуна келер", — дейт Эркиндин жубайы Жылдыз (аттары өзгөртүлгөн).

Букмекердик конторалар менен тотализаторлордун ишине тыюу салууну психолог-кеңешчи Светлана Нагорнова да колдойт.

"Оюндан көз карандылыктын аракечтик жана баңгилик менен тамыры бир. Мыйзам психикасы, жашоо баалуулуктары калыптанып бүтө элек өспүрүмдөрдү, жаштарды кумар оюнунан, лудоманиядан коргоого көмөк болот (лудомания — кумар оюндарына патологиялык берилгендик, анын аркасында адамдын социалдык, кесиптик, материалдык жана үй-бүлөлүк баалуулуктары төмөндөйт)", — деп эсептейт адис.

Экинчи жагынан, бул оюндан көз карандылык маселесин чечпейт. Көп жылдан бери көнүп калган оюнкорлорду эч нерсе токтото албайт. Эгер суроо-талап болсо, сунуш да табылат деп кошумчалады Нагорнова.

Бул республикада оюн ишмердигине тыюу салууга багытталган биринчи өзгөртүүлөр эмес. 2012-жылы казинолор мене оюн автоматтарына тыюу салынып, 25 казинонун жана 35 оюн залдарынын лицензиялары артка алынган. Ал мыйзам букмекердик конторалар менен тотализаторлордун ишин жөнгө салбагандыктан, Жогорку Кеңеш 2012-жылы декабрда "КРда букмекердик конторалардын жана тотализаторлордун ишмердиги жөнүндө" мыйзам демилгеленип кабыл алынып, бирок кийинчерээк ага мамлекет башчысы тыюу салган болчу.

Президенттин каршы пикиринде букмекердик конторалар менен тотализаторлор адамарды кумар оюнуна азгыра турган жайларга кирет, ошого байланыштуу аларды көбөйтүү социалдык кесепеттерге алып келиши мүмкүн деп айтылган.

2014-жылдын июнуна карата өлкөдө 107 букмекердик контора иштеп турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0