Султанов: КР насыялардан кутулуу үчүн жолдордо акча төлөп жүрүүнү киргизе албайт

Жазылуу
Транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов жолдорду оңдоо үчүн алынган насыяларды төлөө үчүн жолдордо акча төлөп жүрүүнү киргизсе боло турганын, бирок ал үчүн альтернативдүү жакшы жолдор болушу керектигин билдирди.

БИШКЕК, 17-мар — Sputnik. Кыргызстандын өкмөтү насыяларды төлөө үчүн жолдордо акча төлөп жүрүүнү киргизе албай турганын транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов маалымат жыйында билдирди.

Sputnik сайтынын кабарчысынын "Жолдорду куруу жана оңдоо үчүн алынган насыялардан кутулуу үчүн максаттуу булактар барбы, же ал өлкөнүн жалпы кирешелеринин эсебинен төлөнүп жатабы?" деген суроосуна жооп берип жатып, насыяларды төлөө үчүн акча алына турган жолдорду киргизсе боло турганын министр айтты. 

"Бирок, андай кылыш үчүн бизде жакшы альтернативдүү жолдор болушу керек. Бизде андай жолдор жок. Демек биз насыяларды мамлекеттик каражаттардын эсебинен төлөөгө мажбурбуз", — деди министр.

Султанов бүгүнкү күнү жол салуу жана оңдоо үчүн алынган жалпы насыялардын көлөмү 1 миллиард 725 миллион доллар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0