Валерий Диль КРдин болочоктогу инвестициялык долбоорлору туурасында айтып берди

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПресс-конференция Валерия Диля по итогам рабочей поездки в Федеративную Республику Германия
Пресс-конференция Валерия Диля по итогам рабочей поездки в Федеративную Республику Германия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө кошумча каражаттарды Кыргыз-Россия инвестициялык фондунун алкагында гана тартпастан, ушундай эле долбоорду Кытай менен да түзүүнү пландап жатат.

БИШКЕК, 23 янв — Sputnik. "Кыргызстан өлкөнүн экономикасын жаңы деңгээлге алып чыгууга жардам бере турган тоо-кен тармагына жаңы инвестицияларды тартууну көздөйт", — деп билдирди вице-премьер-министр Валерий Диль.

Анын айтымында, КРдин бюджети социалдык багытка ээ, жана азыр өкмөт алдында экономикада структуралык өзгөртүүлөрдү жүргүзүп, жакынкы эки-үч жылда өлкөнүн кирешесинин азыркы көрсөткүчтөрүн эки эсе жогорулатуу милдети турат. 

"Биз экономиканы өнүктүрүүдө чоң кадам жасашыбыз керек, себеби келип түшүүчү каражаттар республиканын социалдык муктаждыктарын канааттандырбайт. Мунун эки жолу бар: экономиканын реалдуу тармагын кеңейтүү же салык системасын алмаштыруу. Мен ЕАЭБга кошулуу экономиканын реалдуу тармактарын өрчүтүүгө мүмкүндүк берет деп эсептейм. Экинчи жагынан алганда, бүгүнкү күндө негизги салык жүгүн көтөрүүчү болуп өнөр жай эсептелет, ал эми айыл чарбага эң аз жүк жүктөлгөн", — деп белгиледи вице-премьер.

Азыркы учурда Кыргызстан ички рынокту өнүктүрүүдө өзүнүн акыркы чегине жетти жана экономика кеңейиши керек деди Диль. ЕАЭБга кирүү сыртка сатуу рыногун кеңейтүүгө жардам кылат жана бул республиканын экономика тармагындагы абалга оң таасир берет деп кошумчалады ал. 

Биргелешкен инвестициялык фонддордун иштөө багытын кылдат ойлоштуруу керектигин белгиледи Диль. Анын айтымында, азыр Кытай тарап менен да инвестициялык фонд түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат жана ал да экономиканын реалдуу секторуна багытталат.

"Тилекке каршы, КР 2014-жылы суу өтө аз болдуң жана биз ССРден калган энергетика секторунун калдыктары менен бул тармактагы маселелерди чече албастыгыбызды түшүнөбүз. Инвестицияларды кичи жана орто ГЭСтерди курууга жумшаса болот", — деп сунуштады Диль.

Вице-премьер Россиянын "Газпром" компаниясы энергетика секторун өнүктүрүүгө миллиард доллар кошууну каалай турганын билдирди. 

"Бул түштүктө газ кен жайларын иштетүүгө жумшалмакчы. Ал жакта 0,5 миллиард куб метр газдын запасы бар. Бул түштүк аймактарын көгүлтүр от менен беш жыл бою камсыз кылууга жетет", — дейт Диль.

Долбоор тууралуу кенен маалымат 30-январда өтүүчү өкмөттүн отурумунда айтыларын кошумчалады ал.

Жаңылыктар түрмөгү
0