Усубалиевдердин төрт мууну: Турдакун, Есенкул, Эсен, Таир-Кемаль. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Кыргыз Республикасынын баатыры Турдакун Усубалиев, уулу Есенкул, небереси Эсен жана чөбөрөсү Таир-Кемалдын сүрөтү 2010-жылы Бишкек шаарында тартылган.

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин небереси, тарых илимдеринин кандидаты Эсен Усубалиев ал учурду мындайча эскерет:

"Биздин үй-бүлө үчүн баалуу болгон бул сүрөт уулум бир жашка чыгып туулган күнүн белгилегенде тартылган. Ал күнү чоң атамдын маанайы жакшы болуп, чөбөрөсүн колунан түшүрбөй көтөргөн. Чоң атам менен чоң энем эки уул, бир кызды тарбиялап өстүрдү. Ал киши билим алууну баарынан жогору коюп, жашоодо адам ар дайым жаңы маалыматтарды алып, бир нерсени окуп, изденип жүрүш керек дечү. Өзү да көп окуп, изилдеп жүрчү жана бизди да ошого көндүрдү. Неберелерине талапты катуу койчу. Ошол эле маалда биздин сөзүбүздү көңүл буруп угуп, жетишкендик, ийгиликтерибизди сурап, жашоого керектүү кеп-кеңештерин айтып турчу. Мисалы, мен Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер университетинде окуп жүргөндө экөөбүз мамлекет жана саясат жөнүндө көп баарлаштык. Ушундай мүмкүнчүлүк берген тагдырыма ыразымын", — деди Усубалиев.

Ал ошондой эле чоң атасы Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеп турган жылдары аны чанда гана көргөнүнү айтат.

Герой КР Кулуйпа Кондучалова, кинорежиссер Геннадий Базаров и актриса Гульсара Ажибекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Легендарлуу министрди жандаган таланттар. Залкарлардын таберик сүрөтү
"Өмүрүн элге кызмат кылууга арнаган адам жашоосундагы көп нерсени садага чабууга аргасыз экен. Чоң атамдын ишинин көптүгүнөн үй-бүлөсүнө, жакындарына көп убакыт бөлө алчу эмес. Республиканын башында турган чоң атабызды үйдө эртең менен эле көрчүбүз. Кээде эмгек эргүүсүн алганда, дем алыш күндөрү чогуу болуп калчубуз. Бул күндөрү ал балдары, неберелерине менен болууга аракет кылчу. Мындай мүмкүнчүлүк бизден үй-бүлө үчүн бакыт эле", — деп кошумчалады ал.

Турдакун Усубалиевдин тун уулу Сыргак узак жылдар бою Кара-Балта тоо-кен комбинатынын профсоюзун жетектеп, кийин ишкерлик менен алектенген. Кызы Бермет Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде, Улуттук банкта эмгектенсе, кичүү уулу Эсенкул мугалимдикти аркалаган.

Мамлекеттик ишмер 1985-жылы пенсияга чыгып, өлкө көз карандысыз болгондон кийин Жогорку Кеңешке эки жолу депутат болуп шайланып, 1999-жылы "Ак шумкар" өзгөчө белгисин алып, көзү тирүүсүндө жети небересин, жети чөбөрөсүн тең көргөн.

Съемки фильма Улица Геннадия Базарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Жапжаш Базаровду курчаган сулуу кыздар. "Көчөдөгү" таберик сүрөт
Эске сала кетсек, Турдакун Усубалиев 1961-жылы Исхак Раззаков кызматынан алынгандан кийин 1985-жылга чейин Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп, Кыргыз ССРинин башында турган. Бул убакыт аралыгында республика аймагында бир топ ишкана, ГЭС, аэропорт, маданият, билим берүү жайларын куруп, Фрунзе шаарында филармония, Тарых музейи, "Ала-Тоо" аянты, "Жеңиш" аянты, борбордогу жер өтмөктөр ишке берилип, Усубалиевди шаардыктар "биздин прораб" деп атап коюшчу.

КРдин Баатыры 2015-жылы 6-сентябрда узакка созулган оорудан улам көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0