18:13 23 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
88 0 0

Кинофестивалда кыргызстандык режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк", Эмил Атагелдиевдин "Көл" тасмасы да тартууланган.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Татарстанда кыргыз режиссёру Болотбек Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Показ художественного фильма Алые маки Иссык–Куля режиссера Болотбека Шамшиева в Татарстане. 11 сентября 2021 года
© Фото / пресс-служба МКИСМП КР
Татарстанда кыргыз режиссёру Болотбек Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасы көрсөтүлдү

Билдирмеге караганда, кинокартина XVII Казань эл аралык кинофестивалында режиссёрдун 80 жылдыгына арналган программанын алкагында тартууланган.

"Кинофестивалдын коноктору жана көрүүчүлөрү Шамшиевдин эмгегин кызыгуу, суктануу менен көрүштү. Сынактан тышкары программада кыргызстандык режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк", Эмил Атагелдиевдин "Көл" тасмасы да көрүүчүлөрдүн назарына сунушталган", — деп айтылат маалыматта.

Фестивалдын конкурстук программасына кыргызстандык эки режиссёрдун кыска метраждуу тасмалары илингени кошумчаланды.

Тема боюнча

Коюлбай калган пьеса, тартылбай калган тасмалар. Болот Шамшиевдин мурастары
Мүнөзү оор, ишке так Болот Шамшиев. "Ак кемедеги" таберик сүрөт
Белгилер:
Болот Шамшиев, режиссер, тасма, кино, фестиваль

ЭҢ МААНИЛҮҮ