18:23 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (412)
370 0 0

Белгилүү композитор, акын, аткаруучу Жумамүдүн Шералиевдин кезинде жараткан обондору азыркыга чейин эл оозунан түшпөй ырдалып келет.

Залкар талант бүт өмүрүн музыка арнап, эл арасында "кыргыз обонунун атасы" деп кадырланат. Sputnik Кыргызстан агенттиги чыгаан обончу тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

12 жашында обон жазып. Жумамүдүн Шералиев 1915-жылы 3-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Туюк-Богошту айылында жарык дүйнөгө келген. Болочоктогу музыканттын шыгын байкаган атасы ага өз колу менен арчадан комуз чаап берет. Ыр-күүгө жакын жеткинчек аны өз алдынча өздөштүрүп, кол ойнотуп черткенге жарап калган. Андан сырткары, айылына жакын жерде иштеген чек арачылардын кыяк ойногонун көрүп обондорду жаттап алат. 12 жашында "Сүйүү жарга", "Сүйүү ыры" деген алгачкы обондорун жараткан.

Композитор Жумамудун Шералиев. Архивное фото
© Фото / из семейного архива Шералиевых
Жумамүдүн Шералиев 1915-жылы 3-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Туюк-Богошту айылында жарык дүйнөгө келген.

Эрте элге аралашып, эрте иштеген. Шералиев эмгек жолун эрте баштаган. Өспүрүм Биринчи май колхозунун комсомол уюмунун катчылыгында, кийин мугалим болуп эмгектенет. Андан соң райондук радио түйүндүн ырчысы болуп эл арасында обончу, аткаруучу катары таанылат. 19 жашында легендарлуу "Түшүмдө" аттуу лирикалык ырына обон жазып, 20-21 жашында Ат-Башы райондук жер бөлүмүндө, райондук аткаруу комитетинин жалпы бөлүмүн жетектеген.

Артисттерге шыктанып... Бир жолу Ат-Башыга Кыргыз мамлекеттик театрынын артисттери Осмонкул Бөлөбалаев, Райкан Шүкүрбеков, Гүлжан Казыбаева өңдүү артисттер концерт коюп келет. Жумамүдүн өнөрпоздорду эки жумадан ашык коштоп жүрүп алардын талантына шыктанып, өзүнүн кесипкөйлүгүн жогорулатууну ойлоно баштайт. Дараметин байкаган чыгармачыл топ элеттеги обончуну филармонияга чакыртат. Ортодо ал республикалык сынакка катышып, андан соң белгилүү музыка изилдөөчү Александр Затаевичти жолуктуруп, өзүнүн бир нече чыгармасын жаздыртат.

Композитор Жумамудун Шералиев. Архивное фото
© Фото / из семейного архива Шералиевых
Жумамүдүн Шералиев 12 жашында "Сүйүү жарга", "Сүйүү ыры" деген алгачкы обондорун жараткан

Филармонияда жетилген. Ошентип 1936-жылы филармонияда жаңы түзүлгөн эл аспаптар оркестрине кабыл алынып, музыкант, ырчы болуп иштейт. Ал куттуу жай жаш музыкант үчүн чоң мектеп болгон. Ошол жерден дирижер Петр Шубинден сабак алып, нота үйрөнүп, аткаруучулугун да жолго салган. Ошол эле маалда Атай Огонбаев, Карамолдо Орозов, Муса Баетов, Ыбырай Туманов, Осмонкул Бөлөбалаев, Калык Акиев, Шаршен Термечиков, Молдобасан Мусулманкулов менен кесиптеш болуп, алардын акыл-наасаттарын угуп калган. Эң негизгиси, 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосу менен адабиятынын биринчи декадасына катышып, андан ары Закавказьеге чейин гастролдоп барат.

Жаштарга жол көрсөтүп. СССРдин композиторлор союзунун мүчөсү балдарга арналган көптөгөн обондорду жаратып, согуш жылдарында фронттогу жоокерлерге дем-күч берген чыгармаларды тартуулаган. 1944-58-жылдар аралыгында "Кыргыз радиосунун" солисти, редактору болот. 40 жылдан ашык Нарын шаарындагы Муратбек Рыскулов атындагы музыкалык-драма театрынын музыкалык бөлүмүн жетектеген. Ал жакта Касымаалы Жантөшевдин "Курманбек", Бексултан Жакиевдин "Миң кыял", Кадырбай Мамбетакуновдун "Үкөй" спектаклдерине музыка жазып, хор, пьеса, ансамблдик эмгектердин автору болот. Өтө жөнөкөй, адамгерчиликтүү, бой көтөргөндү билбеген инсан Нарында шыгы бар бир топ жаштарга жол көрсөтүп талантын ачкан.

Композитор Жумамудун Шералиев. Архивное фото
© Фото / из семейного архива Шералиевых
Шералиев 1936-жылы филармонияда жаңы түзүлгөн эл аспаптар оркестрине кабыл алынып, музыкант, ырчы болуп иштейт. Дирижер Петр Шубинден сабак алып, нота үйрөнүп, аткаруучулугун да жолго салган. Ошол эле маалда Атай Огонбаев, Карамолдо Орозов, Муса Баетов, Ыбырай Туманов, Осмонкул Бөлөбалаев, Калык Акиев, Шаршен Термечиков, Молдобасан Мусулманкулов менен кесиптеш болуп, алардын акыл-наасаттарын угуп калган.

Акын, жазуучу... Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти комуз, балалайка, мандолина, аккордеон, пианинодо мыкты ойногон, хормейстрлик жайы да бар болчу. Композитор жаштайынан лирикалык ырларды, аңгеме, очерктерди жазып, алар байма-бай гезит беттерине жарыяланып турган. Кийин чыгармалар жыйнагы да жарык көрөт. Ошондуктан композитор калемгерлик өнөрүнүн аркасында обонго салынчу ыр саптардын маани-маңызына чоң көңүл бурган.

"Кыргыз обонунун атасы". Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты жалпы жонунан түрдүү жанрдагы жүздөгөн обондун автору. Музыка изилдөөчүлөр Шералиевдин чыгармаларынын көпчүлүгү көп ыргактуу, ритмикалык жактан жагымдуу экенин жана башкалардан созулмалуу, кең диапазондуу, жай интонация менен айырмаланып турарын айтып келишет. Ошол чыгармаларынын аркасы менен "кыргыз обонунун атасы, пири" деп эл арасында айтылып калган.

Композитор Жумамудун Шералиев. Архивное фото
© Фото / из семейного архива Шералиевых
СССРдин композиторлор союзунун мүчөсү балдарга арналган көптөгөн обондорду жаратып, согуш жылдарында фронттогу жоокерлерге дем-күч берген чыгармаларды тартуулаган.

Уулдуу болууну эңсеген ата. Композитордун кыздарынын айтымында, таланттуу инсан узак убакыт балалуу боло албагандыктан улам төшөк жаңыртууга мажбур болгон. Акыркы никесинде жарык дүйнөгө келген эркек балдары чарчап кала берип, жубайлар эки кызды эрезеге жеткирген. Жумамүдүн Шералиев 1994-жылы 79 жашында оорудан улам көз жумган.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (412)

Тема боюнча

Кыргыздар кыр көрсөтүп, казактар баалап. Музыка жыйноочу Затаевич жөнүндө 9 факт
Окуу үчүн Алматыга жөө жеткен. Композитор Абдылас Малдыбаев жөнүндө 8 факты
Беш бала менен жесил калган. Орозбек Кутманалиев жөнүндө 6 факты
Вагондон жүк түшүрүп бүлөсүн баккан Миңжылкыев. Опера ырчысы тууралуу 8 факты
Белгилер:
чыгармачылык, факты, композитор, Жумамүдүн Шералиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ