Хайди Клум алып барган шоуга кыргызстандык модель катышууда. Сүрөт, видео

© AFP / Dia DipasupilМодель Салидат Хамилова
Модель Салидат Хамилова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2021
Жазылуу
Долбоорго дүйнөнүн чар тарабынан келген 12 жаш дизайнер катышууда. Алар миллион долларлык байге жана өз брендин чыгаруу мүмкүнчүлүгү үчүн жан үрөйт.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кыргызстандык модель Салидат Хамилова Amazon Original уюштурган Америкадагы фэшн-шоуга катышууда. Бул тууралуу өзү Instagram баракчасы аркылуу кабарлады. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от SALIDAT (@salidatkh)

Долбоордун алып баруучусу белгилүү модель Хайди Клум менен мода тармагындагы консультант Тим Ганн болгон. Шоу Making the Cut деп аталып, быйыл экинчи сезону башталды. Долбоорго дүйнөнүн чар тарабынан келген 12 жаш дизайнер катышууда. Алар миллион долларлык байге жана өз брендин чыгаруу мүмкүнчүлүгү үчүн жан үрөйт.

"Мен бул шоуга катышып жатканыма өтө кубанычтамын. Хайди менен Тимди көрүп чоңойдум. Моданын дөө-шаалары менен иштешип, белгилүү подиумдарда басам деп ойлогон эмесмин", — деп жазган Салидат Хамилова.

Шоунун катышуучуларынын максаты — өзгөчө жана авангарддык дизайнерлик эмгектерди тартуулоо. Долбоордун уюштуруучулары жаңы сезондо калыстар тобунун катарын супермодель Наоми Кэмпбелл, актриса Николь Ричи, Vogue журналынын мурдагы баш редактору Карин Ройтфельд жана дизайнер Жозеф Альтузарра толуктарын убадалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0