22:35 02 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7254
  • EUR100.6919
  • RUB1.1604
Маданият

Карышкыр менен ойногон бала көчөдөн табылган. "Акбаранын көз жашынан" таберик сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
50010
Акбаранын көз жашы тасмасын тартып жаткан учурда
© Sputnik / Александр Федоров

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Кыргыз киносу менен театрынын легендарлуу актеру Советбек Жумадылов менен казакстандык актриса Рахиля Машурованын сүрөтү 1989-жылы Ош облусунда тартылган.

Ал жылы белгилүү кинорежиссер Дооронбек Садырбаев жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кыямат" романынын негизинде "Акбаранын көз жашы" тасмасын тартып, Евгений Барышников, Айбек Жангазиев операторлук кылган.

Ошол кезеңди КРдин Кинематографисттер союзунун мүчөсү, аталган фильмдин экинчи режиссеру Төлөгөн Сыдыков мындайча эскерет:

"Сүрөттөгү ымыркайды көпкө чейин таба албай аябай кыйналдык. Бир күнү Дооронбек болуп Алайда машина менен кетип баратсак көчөдө кичинекей бала чоң дөбөт менен коркпой ойноп жүрүптүр. Биз токтоп анын баскан-турганына көз салып турдук, бала жакты. Ата-энеси менен сүйлөшүп, алар киночулар менен тоодо чогуу жүрүшкөн. Анткени карышкыр менен чогуу тарткан эпизоддор бар болчу. Ошонун баарын кылдаттык менен тартканбыз. Ал эми Советбек Жумадылов менен ага чейин бир топ тасмаларда иштешип, жакшы мамиледе болчумун. Негизи кинодо режиссерлор актерлор менен тил табышып, алардын мүнөзүн, эмне жактырып же жактырбай турганына чейин билиши керек. Кээ бир артисттер толук ачыла албай, образга кире албай кыйналат. Советбек кандай образ болбосун, бат эле кирип кетчү. Ал эми Рахиля Машурова менен мен биринчи жолу иштештим. Аны Дооронбек Казакстанга барганда театрдан көрүп, Бостондун аялынын ролуна жарайт экен деп ойлоп коюптур. Өзүм барып сүйлөшүп Кыргызстанга алып келгем", — деди Сыдыков.

Аталган фильмде Жамал Сейдакматова, Дүйшөн Байдөбөтов, Арсен Өмүралиев, Назира Мамбетова, Альгимантас Видугирис, Бусурман Одуракаев, Турсун Уралиев да тартылган.

Кинокартинадагы негизги окуялар Алайдагы Жошолу тоолорунда жана Казакстандын талааларында болуп, фильмде тартылган эки карышкыр Россиядан атайын алып келинген. Тасма 1989-жылы экранга чыгып, кийин башка советтик республикаларда дагы көрсөтүлгөн.

Тема боюнча

Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй!.. Шамшиевдин тасмасындагы таберик сүрөт
Саякбай манасчы жандай көргөн "Карачологу" менен. Таберик сүрөт
Москва сахнасында кыргызды даңазалаган залкарлар. Таберик сүрөт
Тапанча көтөргөн Океев, камера менен алышкан Борбиев. "Мурастагы" таберик сүрөт
Ай талааны жаңырта ыйлаган Сейдакматова. "Акбаранын көз жашындагы" таберик сүрөт
Белгилер:
Кыргызстан, Советбек Жумадылов, таберик сүрөт

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ