21:22 01 Бештин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.7998
  • EUR101.5859
  • RUB1.1111
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
11710

Картина "Мыкты чет элдик фильм" номинациясына сунушталат. Мындай чечим өлкөнүн Оскар комитети тарабынан кабыл алынган.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы беделдүү "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематография департаменти билдирди.

Картина "Мыкты чет элдик фильм" номинациясына сунушталат. Мындай чечим өлкөнүн Оскар комитети тарабынан кабыл алынган.

2020-жылы кинематография жаатында жасалган мыкты эмгектер үчүн "Оскар" сыйлыгын тапшыруунун 93-аземи кийинки жылдын 25-апрелинде Лос-Анжелесте өтөт. Учурда чет өлкөлөрдүн комитеттери сыйлыктын узун тизмесине талапкерлерди көрсөтүп жатат. Андан соң киноакадемиянын атайын калыстары кыска тизмени аныктайт.

Кыргызстандык режиссёр "Жөө күлүк" кинокартинасында үй-бүлөнү сактоого жан үрөгөн өспүрүм Жекшендин баяны аркылуу ата-энесиз калып, тагдырдын оор сыноосуна кабылган жаш балдардын көйгөйүн көтөрөт.

Кыргызстандын режиссеру Мирлан Абдыкалыковдун архивдик сүрөтү
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кадимки айыл турмушунда Жекшен оор сыноолорду башынан кечирип, чоңдордун маселесин өзү чечүүгө мажбур болот. Ошол эле учурда балалык сезимдерден да кур калбайт. Табиятынан күлүк бала мектептеги жарыштарга, тушоо тойлорго катышып, атаандаштарын артта калтырат. Кинокартинада адамдык мамиле, достук, ынактык жана сүйүү темасы чагылдырылат.

Тасманын сценарийин Мирлан Абдыкалыков жана Эрнест Абдыжапаров жазган, коюучу оператору Талант Акынбеков, сүрөтчүсү Адис Сейталиев, продюсерлери Алтынай Койчуманова менен Айбек Жангазиев.

Ал эми фильмде Темирлан Асанкадыров, Руслан Орозакунов, Мээрим Атантаева, Илимбек Калмуратов, Улан Өмүралиев, Айнура Качкынбек кызы жана Жеңиш Кангелдиев ойногон.

Тема боюнча

Режиссёр Мирлан Абдыкалыковго Польшадан үч сыйлык ыйгарылды
Кыргызстандык режиссёрдун тасмасы "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлдү
Белгилер:
сыйлык, Оскар, тасма

ЭҢ МААНИЛҮҮ