Небере жытын эңсеген Сүймөнкул Чокморов. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Белгилүү актёр, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов менен анын уулу Бактыгулдун сүрөтү 1987-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында өз үйүндө тартылган.

Ал жылы режиссёр Замир Эралиев залкар актёр жөнүндө даректүү тасма жараткан. Таланттуу инсан илдети менен алышып жүргөн учур эле.

Ошол кезеңди Бактыгул Чокморов жазуучу Мамасалы Апышевдин китебинде мындайча эскерген:

"Атам жумшак, ошол эле маалда тартипти талап кылган адам болчу. Балдарын катуу сүйгөндүктөн эркелетчү. Эгер туура эмес кадамга барсам, катуу кыйкырып, көп сөз кылбай эле акырын сүйлөшүп койчу. Ооруп жүргөндө небере күтүп, аларды жыттагысы келчү. Мен уулдуу болсом, неберемдин атын атактуу Атай Огонбаевдин ысымынан коём деп калчу. Кийин атамдын керээзин унутпай баламдын атын Атай койгом. Ал борбор калаадагы музыкалык мектепти аяктаган, үнү дагы жакшы. Негизи атам да комуз, темир комуз, домбура, мандалин, фортепиано чертип, жакшы ырдап койчу. Балким уулума чоң атасынын чыгармачылыгы кан аркылуу өткөндүр", — деп эскерген уулу.

Таланттуу актёрдун Бактыгул, Эргул, Азамат аттуу уулдары бар. Ал эми сүрөттөгү Бактыгул учурда Канадада жашайт.

СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, таланттуу актёр Сүймөнкул Чокморов жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин материалынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0