16:03 26 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.8850
  • RUB1.0759
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (343)
88423

Токтогул ырчынын качан туулуп, кай жерде жашагандыгы тууралуу бирдиктүү маалымат дээрлик жок. Эл арасында анын аты кылымдардан бери акындык талантты өлчөөнүн бийиктиги катары айтылып келет.

Биз бүгүн ошол ырчы тууралуу 7 факт сунуштайбыз.

Аты уламыш-ылакапка айланган. Кетбука сыяктуу эле Токтогул ырчы тууралуу да так, тарыхый маалыматтар жок, бирок уламыштарда, санжыраларда анын ысымы айтылып келет. Андыктан аны да ысымы уламышка айланган инсан дейбиз. Эл оозунда эзелтеден бери "Толубайдай сынчы бол, Токтогулдай ырчы бол" деген сөздүн айтылып келгендиги эле элдик түшүнүктө эстетикалык баалуулук катары акындыкты өлчөөнүн чени ушул инсан менен берилип жаткандыгы анын кандай талант болгондугун айгинелейт.

"Манасты" элдик чыгармага айландырган. Айрым булактарда Ырамандын Ырчы уулунун өнөрүн чачыратпай, "Манас" эпосун ырааттуу бир дастан шекилине салган да ушул Токтогул ырчы болгон деп айтылат. Ал тууралуу Тоголок Молдо мындай санжыралайт: "Ырамандын соңунан, иши келип оңунан, элден таап нускасын, арбытып айтып кыскасын, Токтогул ырчы ырдаган, Толубай сынчы сындаган, Токтогул ырдап турганда, калктын баары тыңдаган, көрүп туруп көз менен, жомок кылып сөз менен, Ырамандын Ырчы уул — жомокчунун башчысы, баарын тизген Токтогул — бул жомоктун ачкычы".

Андан тышкары, "Токтогул ырчы кара аттын кашкасындай, буурул аттын тамгасындай, аткан таңдай, күйгөн шамдай болгон, даңкы далайга угулган акындын тунжуру, дулдулу, булбулу экен" деп мүнөздөп кеткен. Алыкул Осмонов "Толубай сынчы" поэмасына "Толубайдай сынчы бол, Токтогулдай ырчы бол" деген эл сөзүн эпиграф кылып алат.

Аалымдар тарыхтан издешет. Соңку учурда бул инсандын тарыхый адам болгондугу бир катар адабияттарда кепке алына баштады. Райкул Сарыпбеков аны болжолу 1310-1320-жылдар аралыгында туулуп, 1380-1390-жылдар ичинде Тимур тарабынан дарга тарттырылган деп айтса, Сапарбек Закиров болжолдуу түрдө 1390-жылдарда туулгандыгын белгилейт. Батма Кебекова фольклордук даректерге таянып, анын 1330-1400-жылдарда өмүр сүргөндүгүн болжолдойт.

Баткендик мугалим жана жазуучу Мурзапар Үсөн бул акындын Баткендеги Кожо-Илгер (Бужун) деген айылда 1320-жылы туулгандыгын, атасы Сейдали кыпчактан чыккан соодагер-кербенчи болгондугун, ал жерде Сараке аттуу мергендин жалгыз кызы Акмырзага (Кыз кайберен) ашык болгондугун, ага жетпей аны Аксак Темир ордого жубай кылып алып кеткендигин, кийинТоктогул да сарай ырчысы болгондугун, бирок өкүмдар менен келише албай зынданга салынгандыгын жазып чыгып, ырларын да жарыялады. Баткендик дагы бир тарыхчы Гыламидин Абдырахмановдун айтуусу боюнча, ал Ырамандын уулунун түздөн-түз тукуму болгон, ал эми анын манасчылык өнөрүн урпактарынын бири Нооруз манасчы (1650-1730) уланткан.

Жаныбек ханга каршы ырдайт. Акындын өмүрүнүн сабактары — бийлик менен сөз өнөрүнүн карама-каршы турарлыгы, адилетсиз башкарууга акындардын келишпестиги тууралуу ойлор. Анын Жаныбек ханга мындайча айтканы бар:

Ата түрктүн балдарын
Алды-артынан айдадың.
Адилет ишке барбадың.
Карчыга салдың калкылдап,
Ааламды алдың арчындап.

Эр өлтүрүп кун бербей,
Талап алып, пул бербей,
Канкорлугуң арбыды,
Сенден кордук көрбөгөн,
Түрк баласы калбады.
Эрдин башын байладың.

Кошунуңду эсиртип,
Кодулап журтту жайладың.
Кемер курду байландың,
Журттун сөзүн укпастан,
Залимдикке айландың.
Акыретке барганда
Чыкпас торго кармалдың.

Бул жерде акын адилетсиздик менен башкаруунун аягы жакшылыкка алып барбастыгын, ааламды багындырса да адамдын көзү тойбостугун, эл өлтүргөн, талап-тоногон канкордуктун акыр-аягы болорлугун, акыреттин сурагында бул залимдиктер үчүн жооп бере тургандыгын насааттайт. Аны каардуу хандын бетине айтуу менен акындык өнөрдүн эл алдындагы милдетин даана түшүнгөндүгүн айкындайт.

Токтогул Сайдали (Сейдали) уулунун санат ырлары. Жогоруда баткендик жазуучу жыйнаган материалдар боюнча акын бийлик астында кол куушуруп, анын мыйзамдары адилетсиз болсо да макул болуп жүрө бербөө керектигин, өнөрлүү адамдын эл алдында айтар сөзү ак жана эл тарапта болушу керектиги насаатталат:

Амириң күчтүү болсо,
Жанымды аларың бар.
Бирок мен жалынбаймын,
Тагдырга таарынбаймын.

Өлтүрсөң өлөрүм бар,
Өлбөчү өнөрүм бар.
Астырсаң денем калар,
Ырларым оттой жанар.

Махабат азабын тарткан. Мурзапар Үсөндүн маалыматы боюнча, акын Акмырза аттуу кызга ашык болуп, экөө бири-бирин жактырып жүргөндө сулуу кызды хан ордого – Самарканга алып кетет, ошондо мындай деп ырдайт:

Ырымдан башка дүйнөм жок,
Ырдасам жүрөк күйгөн чок.
Аларда сени Акмырзам
Артымдан келип тийди ок.

Сазымдан башка дүйнөм жок,
Сагынып жүрөк күйгөн чок.
Жетерде сага Акмырзам
Жарадар кылды тийген ок…

...Ширинин тартпай дүйнөнүн,
Чырактай бир күн өчөбүз.
Тузакка түштүк экөөбүз,
Кол жетпей зарлап өтөбүз.
Жазыгын көрбөй жашоонун
Турмуштан бир күн көчөбүз.

Токтогул сүйүүнүн артынан Самарканга барганда ал жерде Кудаян деген Аксак Темирдин кыргыздарды бийлеген ханы болуптур, ошол хан акынды зынданга салдырат. Зынданда жатып "Ак булут, аппак булут, айта бар кабарымды" деген ырын таланттуу аткаруучу Айжамал Кабылова кемелине келтирип ырдап жүрөт.

Акындын аянычтуу өлүмү. Улама кептерде айтылгандай, Токтогул ырчы мусулман динине, хан бийлигине каршы чыккандыгы, өз махабатын ырдай бергендиги үчүн жазаланып, төөгө байланып, ит-кушка жем болсун деп чөлгө айдалып кетиптир. Эл ичинде анын карындашынын кошогу да айтылып келген.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (343)

Тема боюнча

Туу куйругу бир кучак, тулпар качты, Айханым... Кетбука ырчы тууралуу 10 факты
Назарбаевдин сый-урматын көргөн. Эл акыны Элмирбек Иманалиев тууралуу 8 факты

ЭҢ МААНИЛҮҮ