14:38 25 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.6468
  • EUR80.2603
  • RUB1.0246
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (353)
189810

XX жүз жылдыктагы кыргыз интеллигенттеринин тагдыр-таржымалы жеке бир адамдын, болгондо да аял-эненин баяндоосу аркылуу чагылдырылган чыгармалардын бири — "Кылы үзүлгөн комузум".

Биз бүгүн Тенти Адышеванын ошол "Кылы үзүлгөн комузум" деген чыгармасы тууралуу 9 факт сунуштайбыз.

Автордун өмүр соңундагы сөзү. Тенти Адышева партиялык-советтик кызматта иштеп, анан ошол эле учурда ыр-поэмаларды жазып, жыйнактарын чыгарып, кыргыз элине акын катары таанылган. Өмүр күзүндө, 1983-жылы, "Кылы үзүлгөн комузум" деген чыгармасын кара сөз түрүндө жазып чыкты. Бул анын эң акыркы чыгармасы болуп, жазылган кезден бир жыл өтпөй автор каза таап, чыгарма жарыкка чыкпай кол жазма түрүндө калып кеткен. Биринчи басылышы 1987-жылы бир томдугуна киргизилсе, экинчи басылышы 2003-жылга таандык, кийин дагы аларга кирбей калган айрым жерлери кошулуп, азыркы күнгө чейин үч жолу басылды.

Кошумча ат берилген. Тенти Адышева өзү "Кылы үзүлгөн комузум" дегенге "Адам, мезгил, тагдыр" дегенди кашаага алып кошуп койгон.

Чыгарманын жанры тууралуу ар түрдүү пикирлер айтылып келет. Акын Эрнис Турсунов аны реквием-баян десе, акындын чыгармаларынын бир томдук жыйнагына жазган баш сөзүндө адабиятчы-академик Абдыганы Эркебаев "Кылы үзүлгөн комузумду" "эч ким айтып же жазып бере албай турган документ" деп, анын жанрын адабий эскерүү да, адабий изилдөө да деп койсок туура болчудай деп айтты. Чыгарманын жанрын документалдык повесть, мемуар, эскерүү, роман-мемуар деген ж.б. пикирлер бар.

Негизги өзөк окуясы. Чыгармада Тенти Жунушалиеванын (Адышева анын кийинки күйөөсүнөн алган фамилиясы) ата-теги, балалыгы, окуу жылдары, студенттик курагы, Жоомарт Бөкөнбаев менен таанышуусу, кыргыздын кыраан акынына баш кошуп аны менен бирге өткөргөн күндөрү, автокырсыктан каза болгон жубайын жоктогон трагедиясы, кыргыздын таанымал геолог окумуштуусу Муса Адышев менен экинчи турмуш куруусу жөнундө баяндоолор негизги өзөк окуя болгон. Мына ошол кыргыздын эки мыкты адамынын образын ачып берип жатып, өзүнүн акындык бактысы да, традегиясы да, тагдыры да чагылдырылат.

Китептин аталышы. Үч кыл комуз — үч адам, үч тагдыр. Өзгөчө эки тагдыр. Эки тагдыр, бул анын эки турмушунда кездешкен эки жолдошу, өзүнүкү — үчүнчү тагдыр. Биринчиси — белгилүү акын Жоомарт Бөкөнбаев. Экинчиси — белгилүү окумуштуу Муса Адышев. Автор булардын адамдык сапатын өз-өзүнчө жогору баалап берген. Экөө тең кыргыздын бийик интеллигент уулдары экенине басым жасаган. Экинчиден, экөөнүн тең трагедиялуу тагдыры, ошол эле кезде өзүнүн трагедиялуу тагдыры сүрөттөлөт. Ошондуктан бул эскерме "Кылы үзүлгөн комузум" деп аталат. Мында адам тагдыры аянычтуу берилген. Ошону менен бирге чыгарманын кийинки муун үчүн, тарых үчүн таанып билүүчүлүк жагы да баалуу.

Эки тагдыр тегерегиндеги тагдырлар. Автордун жубайлары Жоомарт Бөкөнбаев менен Муса Адышевдин айланасында 20-кылымдагы совет доорунун кыргыз маданиятына тийгизген таасири, алгачкы жана кийинки интеллигенциянын жашоо образы, илим чөйрөсүндөгү талаш-тартыштар, жетишкендиктер чагылдырылат. "Кылы үзүлгөн комузум" жеке адамдардын гана тагдыры тууралуу чыгарма десек туура болбой калат. Анда Жоомарт Бөкөнбаевдин айланасындагы Мукай Элебаев, Аалы Токомбаев, Жусуп Турусбеков, Темиркул Үмөталиев, Кубанычбек Маликов, Алыкул Осмонов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Гапар Айтиев ж.б. акын-жазуучу, сүрөтчүлөрдүн, Муса Адышевдин тегерегиндеги Муратбек Рыскулов, Бүбүсара Бейшеналиева, Иса Ахунбаев, Күлүйпа Кондучалова ж.б. илим, маданият өкүлдөрүнүн, мамлекеттин таанымал жетекчилеринин өз ара мамилелери, биз билген жана билбеген жашоо турмушу тууралуу маалыматтар камтылган.

Чыгарманын стили. Жазуучу бул чыгармасын мемуардык адабияттын негизги мыйзамы документалдуулугун, хронологиялык тартибин, цифра-фактылардын жыштыгын сактоо менен гана эмес, көрүп-билгендерин көркөм баяндоо менен гана эмес, бул же тигил көрүнүшкө өзүнүн жекече көз карашын билдирүү менен да ийгиликке жеткен. Чыгарманын окумдуулугу да ушул өзгөчөлүгү менен байланышат. Тенти Адышева — ХХ кылымдагы кыргыз интеллигенциясынын ичинде өзгөчө орду бар инсан. Ал комсомолдук, партиялык кызматтарда иштеп жүргөн. Бүткүл союздук автордук укуктун (ВАПП) Кыргызстандагы директору болгон. Бул китептин эң мыктылыгы — ошол өзү көрүп жүргөн абалды өзү көргөндөй кылып жазуу менен бирге тарыхый фактыларга салыштырып, адабий көркөм чыгармалардан мисалдарды алып жазат. Ал өзү мыкты акын болгондуктан, ошол мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, эскерме-баянын өтө поэтикалуу кылып берген. Автор китепти жазууда жөн гана кургак фактыларга таянып калбай, өзүнүн тагдырына туш болгон турмушту ар бир окурмандын жүрөгүнө жете тургандай чагылдырып бере билген.

Дүйнөлүк классика менен катар коюлат. Акын Эрнис Турсунов бул чыгарманы "Кутуйдун "Жөнөтүлбөгөн каттар", Этель Лилиан Войничтин "Сайгак" романы сыяктуу колдон түшпөй окула турган, кайра-кайра басыла турган кымбат чыгарма" деп эсептейт.

Үчүнчү басылышы. Автордун уулу, академик Кулубек Бөкөнбаевдин жана анын жубайы профессор Ишенгүл Болжурованын демилгеси жана колдоосу менен 2015-жылы "Турар" басмасынан бул чыгарма мурда кыскарган жерлери кошулуп, 269 бет көлөмүндө кайра басылды. "Мага, менин жеке өзүм үчүн кыйла татаал болгон аталган кол жазманы кайрадан дыкат окуп чыгып, аны басып чыгаруу милдети жүктөлгөн эле. Бир гана менин кымбаттуу улуу энекемдин алдындагы уулдук парзым, окурмандардын ыраазычылыгы жана өзүмдүн үй-бүлөмдүн көрсөткөн таасирдүү колдоосу ушул ишти жүзөгө ашырууга шыктандырганын атайлап белгилеп кетишим кажет", – дейт Кулубек Бөкөнбаев бул басылма туурасында.

Sputnik Кыргызстан буга чейин Тенти Адышева тууралуу кызыктуу фактыларды да даярдаган.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (353)

Тема боюнча

Кылы үзүлгөн комуздай... Эл акыны Тенти Адышева тууралуу 9 факты
Өкүл атасы Мидинге кат жазып... Байдылда Сарногоев тууралуу 9 факты
Белгилер:
Тенти Адышева, Муса Адышев, Жоомарт Бөкөнбаев, чыгарма

ЭҢ МААНИЛҮҮ