19:13 15 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.9922
  • RUB1.0933
Драматург жана режиссер Мар Байджиев. Архивдик сүрөт

Капасты бузуп чыккан драма. "Төрт адам" чыгармасы тууралуу 15 факты

© Sputnik / Мирбек Сакенов
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (315)
584 0 0

Кыргыз драматургиясы совет доорунда ошол учурдагы жалпы союздук алкакта анча көрүнө алган эмес. Көп пьесалар улуттук сахнада, ашып барса казак, өзбек театрлары менен чектелген. Мына ошол чектелген капасты бузуп чыккан драманы Мар Байжиев жазган.

Биз бүгүн таланттуу драматургдун ошол "Төрт адам" драмасы тууралуу 15 факты сунуштайбыз.

Аталышы көп драма. Бул чыгарманын негизги үч аты бар: биринчиси — "Эрөөл", экинчиси — "Дуэль", үчүнчүсү — "Төрт адам". Муну менен эле чектелбейт: 1965-жылы Татар академиялык театры "Хуш, Назлыгөл!" ("Кош бол, Назигүл!"), 1968-жылы Эстон ССРинин Раквер театры "Бакытка ишеним" ("Надежда на счастье"), 1976-жылы Башкырт АССРинин Салават театры "Назлыгюль" (башкы каарман Назинин атынан) деп атайт. Аталыштар парады дагы уланат: Братск шаарынын телестудиясы телепостановкасын 1968-жылы "Кош, мен сени сүйөмүн!" ("Прощай, я люблю тебя!") деген ат менен чыгарат. Ушул эле жылы Рига шаарындагы Я.Райнис атындагы академиялык театры пьесаны "Крик" деген ат менен көрүүчүлөрүнө тартуулайт. 1970-жылы Болгариянын Велико Тырново камералык театры "Кайда барасың, эй кыз" деген ат менен сахнага алып чыгат.

Автор жанрдык белгисин да оригиналдуу көрсөтөт. Адатта драмалык чыгармалар "пьеса", "драма", "комедия", "трагикомедия", "трагедия" дегендей жанрдык аталыштардын бири менен берилсе, бул чыгарманын жанрын автор "драмалык аңгеме", "беш бөлүмдөн турган драмалык новелла" деп атайт. Буга себеп чыгармага төрт адам катышат да, анын да бирөө кирди-чыкты, б.а., эпизоддук каарман болуп, бүтүндөй пьесанын өзөгү ошолордун ичинен экөөнүн (Азиз, Искендер) эки тарапта туруп алып, ортодогу бир кызга (Нази) айтып жаткан бири-бири менен болгон ой эрөөлүнөн, сөз эрөөлүнөн, адеп-ыйман эрөөлүнөн куралат.

Эки жолу жазылган. Чыгарма адегенде 1967-жылы жазылып, алгач Фрунзедеги Н.К.Крупская атындагы орус драма театрында коюлган. Адабий текст 1968-жылдын март айындагы "Театр" журналында басылган. Автор экинчи жолу чыгарманын жаңы редакциясын 2003-жылы ишке ашырган. Мар Байжиев орус жана кыргыз тилинде бирдей жазган кош тилдүү автор болгондуктан эки тилдеги тексттери өз-өзүнчө жазылган, б.а., сөзмө-сөз котормо деп айтууга болбойт.

Эң көп театрда коюлган. Драманын ийгилиги 1968-жылдан, "Театр" журналына басылгандан тартып эле "космостук ылдамдык" менен кетет, ошол эле жылы Москва, Ленинград, Киев, Кишинёв, Ташкент, Алма-Ата, Баку, Тбилиси, Рига, Волгоград, Кемерово, Тула, Семипалатинск ж.б. шаарлардагы театрларда коюлат. СССРдин атактуу театрлары гана эмес, Австрия, Болгария (алты театрында), Венгрия (эки театрда), ГДР (эки театрда), Коста-Рика, Монголия, Польша (беш театрында), Румыния, Финляндия, Чехия ж.б. өлкөлөрдүн театрлары өз тилдеринде көрсөткөн. Айрым эсептөөлөр боюнча, пьеса дүйнөнүн эки жүздөн ашык театрларында сахналаштырылган, айрым театрлар бир нече вариантта жаңылап койгон.

Театрлардын чыгармачылык чабыттоосуна жол ачкан. СССРдин искусствону катаал кысым менен кармап турганына карабай "Дуэль" көптөгөн режиссёрлордун, актёрлордун жаңыча ой жүгүртүп, жаңыча изденүүлөрүнө мүмкүнчүлүк берген. Ошондой новаторлук аракеттердин бири 1969-жылы Моссовет театрында жаралган. Режиссёр Борис Щедрин театр оюнун камералык же поэтикалык формага салып, "фойедеги театр" катары көрсөткөн, б.а., драмадагы үч адамдын тагдырына, чындык, ишеним үчүн эрөөлүнө көрүүчүлөр да аралашып отурган, алар да көрүүчүлүк чектен аттап, актёр катары эрөөлгө чыккан.

Жазылыш ыкмасы да кызык. Биринчиден, башка драмаларга салыштырганда мында окуя баяндоочу каарман Мен деген тарабынан, б.а., Назинин сөзү менен өнүктүрүлүп барат; экинчиден, драмалык диалог тексттердин арасында прозалык түшүндүрмө тексттер берилет. Төрт гана адам катышат дедик, алар: 22 жаштагы Нази, анан Азиз, Искендер, эпизоддук учурда жапжаш медсестра.

Акын, жазуучу Аалы Токомбаев. Архив
© Фото / из семейного архива семьи Токомбаевых
Драма кара сөз менен башталат. Пьесадан адегенде драмалык текке мүнөздүү болбогон мындай сүйлөмдөр менен кездешебиз: "Бул окуя жайдын акыркы күндөрүндө, асманды боз чаңгыл булут каптап, суунун бети сууй баштаганда Ысык-Көлдүн боюнда болуп өттү. Мындай кезде тоонун кары уламдан-улам ылдыйлап, бийиктен соккон муздак жел көлдү шарпып, асманда жайдын эң акыркы чагылганы чартылдайт, күн күркүрөйт. Көлдүн жээги ээнсиреп, келгин куштардын карааны да сээлдейт. Күүгүм. Асман түнөрүп, толкун шарпылдайт. Көл үстүнөн каалгый учкан каркыралардын карааны да уламдан-улам алыстайт. Мен жээкте турам. Шамал чачымды уйпалап, этек-жеңимден тарткылайт". Бул Назинин баяндоосу. Кыргыз драматургиясы үчүн мүнөздүү болгон каармандардын аркы-терки кыймылдары, сахнада былчылдашкан уруш-чабыш окуялары, кер-мур айтышкан кыйкырык-сүрөөн бул чыгармада жок. Окуя жай өнүгүп, каармандар өз сөзү, башка бир адам менен диалогу аркылуу өздөрүн ачып берип отурат. Жогорудагы эң алгачкы баяндоодогу пейзаждык сүрөттөөлөр, табият көрүнүштөрү алдыда боло турган окуядан алдын ала кабар берип тургансыйт.

Каармандары төрт эле адам. Ысык бүтүп, Ысык-Көлдүн акыркы эс алуучулары да кеткен соң ээн жээкте калган адамдар кокусунан бири-бирин кезиктирип, бири-бири менен бир-бирден сүйлөшүп отуруп кимдин ким экендиги билинет. Алардын бири — Азиз. Ал жапжаш жигит. Аскер кызматынан отставкага чыккан. Ушунун себебине кызыгып отуруп, улам суроодон суроо чыгарып отуруп, Нази бет маңдайындагы жигиттин адамдык бейнесин ачып алат. Нази болсо бир убакта артист, бийчи болом деп, ал жердеги адамдардан көңүлү калып, соода тармагына кирип иштеп жүргөндө эсеби жетпей камала турган болгондо Искендер келип куткарып калат. Искендердин идеалы, ой-максаты ичип-жеште, көңүл ачышта. Ошол үчүн Назини көлгө алып келип атат. Дал ошол учурда Азиз пайда болот. Ал Ыраакы Чыгышта деңизде сакчылык кылган кеменин капитаны эле. Алар кокусунан деңиздин кайсыл бир бөлүгүндө радиацияланган аймак бар экенин аныктап калышат. Күтүүсүз байкалган нерсе экипажды түрдүү ойго чөмүлтөт, жээкке кабар берүүгө радиоаппараттары да иштен чыгып калган. Ошол коркунучтуу аймакка жүздөгөн киши менен жүргүнчүлөр теплоходу сүзүп келе жаткан. Эмне кылуу керек? Бир гана жол — катер радиацияланган зонаны аралай өтүп, жарык берип, коркунучтуу аймакка жүргүнчүлөр теплоходун өткөрбөй тосуп калуу керек эле. Эки жол бар: же жүздөгөн адамдын зыяндуу нур алышы, же катердеги төртөөнүн өлүмү. Азиз экинчи жолду тандайт. Жүргүнчүлөр кемесин булганган аймакка өткөрө койбой белги берип токтотуп калат. Өздөрү болсо нурланууну алат: экөө дароо эле жан берет, үчүнчүсү жарым жан болуп калат, төртүнчүсү — ошол окуянын эстелиги катары маймыл куурчак көтөрүп жүргөн Азиз жакында өлөт, өлөр алдында Ысык-Көлгө келет. Ал адамдык эмне экенин, жашоонун маңызы эмне экенин Нази сыяктуу кимдир бирөөнүн жетегинде адашып жүргөн адамдарга түшүндүрүү үчүн, терс жолго түшкөндөрдү оң жолго салуу үчүн акыркы күндөрүн жашап жаткан адам болуп чыгат.

Жакшылык жана ишеним — драманын өзөгү. Нази менен көл жээгиндеги кумда отуруп Азиз мындай дейт: "Жанымды кейитпечи, кагылайын Нази (Оор дем алып). Жакшылык үчүн өлүмгө баруу — курмандыкка жатпайт. Бул эзелтен бери келаткан жигиттик, жоокердик парз. Андай болбосо, Гитлерди кантип жеңет элек? Тиги досуң экөөң (Искендерди айтып жатат — ред.) керт башыңарга түшкөн майда-барат жүктү көтөрө албай, турмушта кезиккен жамандыктын бардыгын калбырлап алып, ошону ураан тутуп, ошону менен жашайт окшойсуңар. Бирок силердики жаңылыш... жалган турмуш... Менин башыман нелер өтпөдү дейсиң. Айтып олтурсам, чачың агарат... Бирок анын бардыгы чоң жолдогу уңкул-чуңкул тоскоолдор. Моторуң күчтүү болсо, татаал жолду басып жаркыраган күндү көздөй зырылдап кете бересиң... Буга эки гана нерсе керек: жакшылыкка ишенүү, анан кайрат..." Мына ушундай сөздөрдү айтып жаткан, жаш эле туруп көптү көрүп калган Азиз көл жээгинде Назиге кездешип, аны менен сүйлөшкөн кезде кыз адамдарга ишенимин жоготуп, турмуштан четке сүрүлүп калганын байкайт. Өзү дайыма көтөрүп жүргөн маймылын ошол кызга тартуулайт, Нази болсо балалык чагында аюусун сууга агызып кайгыга баткан эле. Ошол кайгысын, ишениминин жоголушун бул жолу Азиз кайрып берет.

Азиздин акыркы каты. Мына ошол кайраттын жана жакшылыкка ишенүүнүн үрөнүн Назиге сээп кеткен Азиздин акыркы каты да сезимди солк эттирет: "Нази!.. Кечинде мага кан куюшту, ошондон тартып начарлай баштадым. Кыязы, акыркы кыйналышым окшойт. Академик Павлов өлүп баратканда ассистентине илимге калтырыш үчүн өзүнүн сезимдерин айтып жатып жан бериптир. Мен андай окумуштуу да, жазуучу да эмесмин, артымда туяк да калбады. Жок дегенде адамдарга керээзимди айтып кетейин дедим. Менин ахвалымдагы адам турмушту ойлоно берип философ болуп кетет окшойт.

Адам баласы төрөлгөндөн тартып, акыркы демин тартканга чейин жерде каларлык бир иш аткарышы керек экен. Ал эми ошол максатты аткарып койгон соң жашоонун көп зарылдыгы жокпу деп ойлойм. Кыязы, мындай ой адамдын башына өтө кыйын иш түшкөндө келет окшойт. Мындай абалга чанда бир адам кабылат. Ошондуктан көптөр жашоодогу негизги максатын билбей, күнүмдүк майда-чүйдөгө корстон болуп асманды ыштап жүрө беришет көрүнөт.

Дагы бир айтарым. Жер жүзүндө аппак акактай адам жок. Кара ниетсиз турмуш да жок. Бирок ошол жамандыкка жол берген адамдын өзү андан да он эсе жаман, он эсе зыяндуу иш кылган болот. Бузукулукка жол берген адам андан жүз эсе күчтүү бузукулук жасайт... Адам баласы негизинен ак пейил. Жакшылыктан эч качан үмүтүңдү үзбө! Ошондо жүзү каралык менен күрөшүүгө дармандуу болосуң. Менин өткөн өмүрүм сага күч кубат берсин, Нази... Айтарым ошо.

Катым бир аз жашык болуп калды, анткорсунгум келбейт. Бир аздан кийин жүрөгүм сокпой каларын билем. Кош бол, чырагым Нази. Менин сүйүүм мени менен түбөлүккө калат..."

Мына ушул кат көрүүчүлөрдүн жан дүйнөсүн козгоп, көпчүлүктүн көзүнөн жашын агызган.

Драманын дүйнө кыдырышынын сыры. "Төрт адам" — адамдардагы адамдык сезимдерди ойготуучу, жашоонун максатын, милдетин ибараттоочу драма. Анда кыргыздык колорит, улуттук өзгөчөлүк эмес, жалпы адамзатка мүнөздүү болгон, улуттук алкактан чыгып турган проблемалар көтөрүлөт. Ошон үчүн ал дүйнөнүн көптөгөн театрларында коюлуп, азыркы күнгө чейин репертуарлардан түшпөй келүүдө.

Драматургга жаккан спектаклдер жана аткаруучулар. Автор өз чыгармасы боюнча Рига шаарындагы Райнис атындагы жана Алма-Ата шаарындагы М.Ауэзов атындагы театрларда коюлган оюндарды жогору баалайт. Ал эми казак актрисасы Фарида Шарипованы мен күткөн, мен көргүм келген аткаруучу деп эсептейт.

Пьесаны башкача да жазып көргөн. Мар Байжиев "Төрт адам" пьесасынын негизинде "Нөшөр" новелласын, ушундай эле аталыштагы киноновелласын, кийин "Дуэль" повестин жазган.

Искусствонун башка формаларына өткөн. Пьесанын негизинде 1974-жылы украин композитору Герман Жуковский "Сүйүүгө чейин бир кадам" (украинчасы "Один крок до кохання"), өзбек композитору Нуралла Закиров "Жээктеги эрөөл" (өзбекчеси "Сохилда тукнашув") операларын, орус композитору Владимир Роман "Дуэль" деген балет-новелласын жазган. Ушул эле чыгарманын сюжети боюнча СССРдин борбордук телевидениесинин буюртмасы менен Ысык-Көлдүн жээгинде 1979-жылы "Нөшөр" ("Ливень") фильми тартылган. Анын сценарийин Мар Байжиев менен өзбекстандык режиссёр Учкун Назаров жазып тарткан. Искендердин ролун Шахрат Эргашев, Азиздин ролун Исамат Эргашев, Назинин ролун Наталья Варлей аткарган. Бул фильм ушул күнгө чейин борбордук телевидениеден көрсөтүлүп келет.

Азыр да сахнадан түшө элек. Мар Байжиевдин "Төрт адам" драмасы көптөгөн актёрлордун талантын ачкан. Алардын ичинде Азиздин ролун аткарган Сатыбалды Далбаев жана Имаш Эшимбеков, Искендердин ролун аткарган Болот Шалтаев бар. Дагы дале чыгармага кызыгуу басаңдай элек, акыркы жылдарда бул чыгарманы Чүй облустук драма театры, Жумгал элдик театры сахнага алып чыкты.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (315)

Тема боюнча

Алгач немисче жарык көргөн. Айтматовдун "Балалыгым" баяны тууралуу 7 факты
Кой фермадан башталган улуу жол. Улукмырза Полотов тууралуу 7 факты
Белгилер:
пьеса, факты, Мар Байжиев, драма

ЭҢ МААНИЛҮҮ