01:20 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Актер, сүрөтчү, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов. Архив

Сүймөнкул Чокморовго арналган кинокербен түштүктө уланат

© Фото / Александр Федоров
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
50 0 0

Айтылуу актёрдун катышуусу менен тартылган тасмалардын кербени июнь айында Таластан башталган. Маалыматта ал жакта 25 сеанс өтүп, эл көп келгени белгиленет.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналып уюштурулган кинокербен эми Ош, Жалал-Абад жана Баткенде уланат. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондусу билдирди.

Эскерте кетсек, айтылуу актёрдун катышуусу менен тартылган тасмалардын кербени июнь айында Таластан башталган. Маалыматта ал жакта 25 сеанс өтүп, эл көп келгени белгиленет. Сентябрдын аягы менен иш-чара Нарында, Кемин жана Токмок шаарында өткөн.

"Эми кинокербен өлкөнүн түштүк тарабында уланат. Ысык-Көл менен Чүй облустары да четте калбайт. Мындан сырткары, актёрго арналган даректүү тасма да тартылып бүттү", — деп айтылат билдирүүдө.

Кинокербен Чокморовдун туулган күнү 9-ноябрда аяктап, юбилейге карата Бишкекте маанилүү иш-чара пландалган.

Тема боюнча

Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналган кинокербен Таластан башталды
Өкмөт Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын кантип өткөрүп жатканын айтты
Белгилер:
Нарын, Ысык-Көл облусу, Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас облусу, юбилей, Сүймөнкул Чокморов

ЭҢ МААНИЛҮҮ