21:40 16 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0865
  • RUB1.0855
Маданият

Эрте жанып, эрте кеткен режиссер Аман Камчыбеков. "Каныбектеги" таберик сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (81)
206 0 0
Актер жана режиссер Аман Камчыбековдун сүрөтү 1978-жылы Чүй облусунда тартылган
© Фото / Александр Федоров

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

Актер жана режиссер Аман Камчыбековдун сүрөтү 1978-жылы Чүй облусунда тартылган.

Ошол жылы Геннадий Базаров "Каныбек" тасмасын тартып, Камчыбеков анда башкы ролду ойногон.

Ал учурду Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетова мындайча эскерет:

"Аман менен "Дилетант" тасмасында чогуу иштешип калдым. Ал анын режиссеру болчу. Бир айдан кийин Ысык-Көлгө кеткен, ошол жактан жол кырсыгына кабылып көз жумду. Бул дүйнөдөн аябай эрте кетти. Кудай өмүр бергенде далай мыкты эмгектерди жаратмак. Өзү жаш болгонуна карабай өтө билимдүү, токтоо эле. Андан мыкты режиссер чыкмак, тасма жаратууга өзгөчө көз караш менен мамиле кылчу. Амандын дипломдук иши болгон белгилүү "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" деген эмгеги эле кандай тартылган. Азыркыга чейин көргөзүлүп келүүдө. "Каныбек" тасмасына болсо ал студент кезинде эле тартылган", — деди Мамбетова.

Аталган тасмада Советбек Жумадылов, Сүймөнул Чокморов, Чоро Думанаев, Дүйшөн Байдөбөтов, Турсун Уралиев, Бакен Кыдыкеева, Сабира Күмүшалиева, Алиман Жангорозова жана башка артисттер образ жаратышкан.

Аман Камчыбеков режиссер катары "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" тасмасын тартып бүтүп, "Дилетантты"  иштеп баштаганда жол кырсыгынан көз жумган. Мындан сырткары, атамекендик төрт фильмде роль жараткан.

Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (81)

Тема боюнча

Кылыктанган кыздардын курчоосундагы Чарлтон Хестон. "Чыңгыз хандан" таберик сүрөт
Анда жапжаш кездери. Мамбет Мамакеев менен Төлөмүш Океевдин таберик сүрөтү
Белгилер:
Аман Камчыбеков, Геннадий Базаров, таберик сүрөт, Кыргызстан

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ