03:26 22 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.7890
  • EUR77.9334
  • RUB1.0945
Манасчы Сагынбайдын эстелиги

Сагынбайдын Манасы жазылбай калмак. Фольклорчу Каюм Мифтаков тууралуу 6 факты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (307)
20810

Бүгүн белгилүү изилдөөчү, фольклорчу Каюм Мифтаковдун туулган күнү. Улуту татар болгонуна карабай кыргыз элинин оозеки чыгармаларын чогултууга өмүрүн арнаган инсан болгону 55 жыл өмүр сүрдү.

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар агартуучу жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Көкөйгө тийген малайчылык. Каюм Мифтаков 1892-жылы 28-июнда Башкортостандын Салават районундагы Насибаш айылында жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси дыйканчылык менен алектенип 16 баланы тарбиялаган, Каюм бешинчиси болгон. Балалыгы кыйынчылыкта өтүп, алты жашында орок оруп, чөп чаап, сегиз жашында коңшу айылдагы туугандарыныкына качып кетип медресеге өткөн. Ал жерде татар, башкырлардын элдик оозеки чыгармаларына кызыгып, кагаз бетине түшүрө баштаган. Ал эми өспүрүм кезинде байлардын коюн кайтарып, балдарынын кат сабатын жоюп, Уфадагы медреседе окуй баштайт.

Мугалим, изилдөөчү... Окуу жайды бүткөндөн кийин сабак берүү үчүн Кыргызстанга келип мугалимдикти аркалап калат. Мындан сырткары, жергиликтүү элдин чыгармаларын жазуу менен алектенет. Ал кагаздар парткызматкерлердин колуна түшүп, көпчүлүгү жоголуп кеткен. Ысык-Көл, Талас облустарында агартуучу болуп иштеп турганда эл аралап акын, жомокчулардан чыгармалар, макал-лакап, элдик поэма, тарыхый маалыматтарды чогултат.

"Манасты" алгачкылардан болуп жазган. Мифтаков алгачкылардан болуп "Манас" эпосун Сагынбай Орозбаковдун айтуусунда жаздыра баштаган. Ал үчүн атайын экспедиция түзүлүп, анда бир нече адам иштеген. Фольклорчу башында гана катышып, ишти Ыбрайым Абдрахманов соңуна чыгарган. Ошентип залкар манасчынын варианты жазылып калган. Окумуштуулар эгер Каюм ал иштерди демилгелебегенде залкар манасчынын варианты азыркы күнгө чейин жетмек эмес деген пикирде. Анткени ага чейин "Манас" эпосун жазып алуу зарылчылыгын эч ким айтып чыккан эмес.

Кыргыз фольклорун классификациялаган. 1930-жылдары изилдөөчү эл аралап кошок, ашыктык, тарыхый ырларды, уламыш, санжыра, үрп-адат, каада-салттарды жыйнап кагазга түшүрөт. Ал кыргыз элинин оозеки чыгармаларын эле 38 түргө бөлүп, бул боюнча макалаларды гезит беттерине байма-бай жарыялап турган. Аны менен гана чектелбестен, материалдарды басмаканадан чыгарууга аракет жасаган. Айрымдары азыркыга чейин Улуттук илимдер академиясында сакталып, колдонулуп келет.

Согуш талаасындагы акын. Улуу Ата мекендик согуш башталып, Мифтаков 1942-жылы өз каалоосу менен фронтко аттанат. Ал жактан да чыгармачылыктан алыстай албай жоокерлерге дем-күч берген ырларды орус тилинде гезитке жарыялап, бир нече поэма жазган. Кан майданда жарадар болуп, мекенине кайтууга аргасыз болгон. Кыргызстандагы үй-бүлөсү артынан барган.

Кыргызстанды кыя албаган татар. Согуш аяктагандан кийин Мифтаков Фрунзеге кетмей болот, бирок аялы ага макул болбой ажырашып кетишет. Изилдөөчү Башкыртстанга бала-чакасын таштап, 1947-жылы Кыргызстанга келип үйлөнүп, Чоң-Алай, Ноокат районунда чыгармаларды чогултууга киришет. Фольклорчу 55 жашында дүйнөдөн кайтып, сөөгү Чүйдөгү Байтик айылына коюлган.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (307)

Тема боюнча

Атасы "маскарапоздун окуусу" деп жактырган эмес. Насыр Давлесов тууралуу 8 факты
Дарыгер, баатыр, саякатчы. "Манастагы" кан Бакай тууралуу 15 факты
Миң-Куштан качып, Европадан бакыт тапкан Бегалиев. Композитор тууралуу 7 факты
Белгилер:
факты, фольклор, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ