Чемоданда чоңойгон. Актриса Шайыр Касымалиева тууралуу 8 факты

© Фото / Александр ФедотовАктриса Шайыр Касымалиева
Актриса Шайыр Касымалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги жаштайынан театр жана кино тармагында жүргөн өнөр ээси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актриса Шайыр Касымалиева тууралуу кызыктуу фактыларды топтоду.
Жаштайынан театр жана кино тармагында жүргөн өнөр ээси тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу фактыларды топтоду.
© Sputnik / Максат ЭлебесовАктриса 1967-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн
Артистка театра и кино, заслуженная артистка Кырыгзстана Шайыр Касымалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2022
Актриса 1967-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн
12 жашында апасы менен калган. Актриса 1967-жылы Ысык-Көл облусунун азыркы Балыкчы (Рыбачье) шаарында чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Өзү бул учурду "балалыгымдын башаты Рыбачьенин ыркыраган шамалында, таштак жолунда, көлдүн жээгинде жылаңайлак жүрүп өткөн" деп эскерет. Ата-энесинин жумушуна байланыштуу иниси Бакыт экөө сахнанын артында, "чемоданда уктап" чоңоюшкан. Ата-энеси Балыкчыдан Нарын шаарына көчүп барып, ал жакта бир аз жашашкан. Кийин Касымалиева 10го чыгып калганда үй-бүлө Фрунзеге көчүп келип, ошону менен калаада отурукташып калат. Эки жылдан кийин ата-энеси эки ача жолго түшүп, актриса 12 жашында иниси экөө апасынын колунда калган.
Тубаса таланттардын кызы. Шайыр Касымалиеванын атасы Зарлык Касымалиев актер болгон. Кызынын айтымында, ал киши атайын деле актердун окуусун бүткөн эмес, тубаса талант эле. Убагында ал театрда баш каармандардын образдарын жаратып, кийин жүрөк оорусунан көз жумган. Апасы Гүлнара Суранчиева да чыгармачыл киши эле. Ал дагы тубаса таланты менен башында актриса болуп жүрүп, кийин грим жагына которулуп кеткен. Москвадан грим жаатында квалификациясын жогорулатып келип, өмүрү өткөнчө драма теарда актерлорду боегон. Белгилүү гримёр Гүлнара Суранчиева 2021-жылы 74 жаш курагында дүйнө салган. Актрисанын Бакыт аттуу иниси бар. Үй-бүлөлүү, бала-чакасы бар. Кесиби — сүрөтчү.
© Фото / Александр ФедоровМектепти бүткөндөн кийин апасынын кеңеши менен дарыгер болууну чечип, медициналык институтка тапшыруу үчүн лабороторияда иштеп калат. Бирок бир жылга жетпей Москвадагы театралдык окуу жайына өтүп кеткен.
Фильм режиссера Бакыта Карагулова Плач перелетной птицы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2022
Мектепти бүткөндөн кийин апасынын кеңеши менен дарыгер болууну чечип, медициналык институтка тапшыруу үчүн лабороторияда иштеп калат. Бирок бир жылга жетпей Москвадагы театралдык окуу жайына өтүп кеткен.
Дарыгер болмок... Шайыр Касымалиева тубаса таланттардын үйүндө чоңойгондуктан, кичине кезинде эле чыгармачылыкка жакын болуп өскөн. 8 жашында телеберүүлөргө тартылып, "Бөбөк, сенин жомогуң" берүүсүндө жаныбарлардын үнүн коштой баштаган. Мектепти бүткөндөн кийин апасынын суранычы, кеңеши менен дарыгер болууну чечип, медициналык институтка тапшыруу үчүн лабораторияда иштеп калат. Бирок бир жылга жетпей, Москвага театралдык окуу жайга тандоо болуп жатат дегенди кулагы чалып калып, талантын, күчүн сынап көрөт. Тандоо турунан өтүп, апасынын макулдугу менен Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театр институтуна тапшырат. Окууну аяктап келгендин кийин, 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик жаш жеткинчектер театрына (ТЮЗ) кызматка алынат.
Сейденин ролун аткарганда 21 жашта эле. Кино жаатында актрисанын алгачкы ролдорунун бири - Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган "Бетме-бет" тасмасы. Фильмде ал баш каарман Сейденин образын жараткан. Ал кезде Касымалиева 21 жашта болчу. Калың элге дал ушул образ менен таанылганын азыркыга чейин айтып келет. Ал эми театр жаатында биринчи дебюту "Манастын уулу Семетей" спектакли болгон. Образ демекчи, буга чейин актриса Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берген учурда Мар Байжиевдин "Кыз-күйөө" спектаклинде Гүлсүндүн образы ага жакын экенин айткан эле. "Ошол кезде Гүлсүндүн жашоосунда болуп жаткан окуя менин да жашоомдо болуп жаткандыктан, образга ушунчалык кирип, берилип ойногом", — дейт актриса.
© Sputnik / Александр ФедоровЧыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган "Бетме-бет" тасмасында Сейденин образын жаратканда актриса 21 жашта эле
Актриса Шайыр Касымалиева с актером Бусурманом Одуракаевым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2022
Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган "Бетме-бет" тасмасында Сейденин образын жаратканда актриса 21 жашта эле
Жеке жашоосу. Шайыр Касымалиева 18 жашында ырчы Абдымалик Шерматовго турмушка чыгып, 19 жашында жубайлар кыздуу болушкан. Бирок күйөөсүнүн кызганчаактыгынан улам ажырашып кетишкен. Ошол бойдон Касымалиева турмушка чыккан эмес. Актрисанын Мээрим аттуу бир эле кызы бар. Ал да бир кездерде тасмаларга тартылып калган. Бирок азыр башка чөйрөдө, тагыраагы, косметолог. Актрисанын эки жээн небереси бар.
Сценарист, продюсер. Эки жыл мурун актриса өзүн сценарист, продюсер катары сынап "Махабат" аттуу тасма тарттырган. Фильмдин режиссеру Мурат Мамбетов. Тасманын сюжетинде өзү курактуу айым бир аз улуураак адамды жактырып калат. Бирок фильмде негизги каарман катары Кайрат деген киши көрсөтүлөт. Аталган кинокартина аркылуу актриса балдар ата-энесин убагында сыйлап, кадырлап калышы керек экендигин айткысы келген.
© Фото / из личного архива Шайыр КасымалиевойШайыр Касымалиеванын атасы Зарлык Касымалиев актер болгон. Кызынын айтымында, ал киши атайын деле актердун окуусун бүткөн эмес, тубаса талант эле.
Артистка театра и кино, заслуженная артистка Кырыгзстана Шайыр Касымалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2022
Шайыр Касымалиеванын атасы Зарлык Касымалиев актер болгон. Кызынын айтымында, ал киши атайын деле актердун окуусун бүткөн эмес, тубаса талант эле.
Илешкен оору менен алышып... Актриса 20 жылдан ашык убакыттан бери неврит илдети менен ооруйт. Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде мурда оорусун жашыра берерин айткан эле. "Кийинчерээк киного тартылганда, эфирге чыкканда баары байкалып калгандыктан ачыкка чыгарууга туура келди. Дарттын себеби - катуу суук тийип, катуу стресс болгом. Жаңы кармап баштаганда тынымсыз тартып тураар эле. Мындан айыккандар чанда болот экен. Операция кылса болот дешет, бирок мен ынана элекмин. Убагында бир дарыгер туура эмес дарылап салып ушинтип адатка айланып калды. Азыр эл менен жолукканда "силер менен сүйлөшүп жатып оң жак көзүмдү ымдасам таң калбагыла" деп алдын ала айтып коем", — деп айткан.
Наамдары. Актриса Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 2016-жылы президенттин колунан "Даңк" медалын алган.
© Sputnik / Жоомарт УраимовАктриса Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 2016-жылы президенттин колунан "Даңк" медалын алган.
Артистка театра и кино, заслуженная артистка Кырыгзстана Шайыр Касымалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2022
Актриса Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 2016-жылы президенттин колунан "Даңк" медалын алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0