17:36 21 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.8618
  • RUB1.0823
Боз үй. Архивдик сүрөт

Таарынбайлы тагдырга, таалайга жазган ченем бар! Казыбек казалчынын кеп казынасы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Таалайгүл Усенбаева
67810

Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Казыбек Мамбетимин уулу 1901-жылы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы азыркы Казыбек айылынын Чет-Келтебек деген жайлоосунда туулган.

Атасы Мамбетимин ошол жердин колунда бар адамдарынан болгон экен. Диний сабаты бар киши баласы Казыбекти эс тарткандан баштап арабча кат таанытып, окуганды үйрөтүп, ислам дини боюнча да билим-түшүнүгүн калыптандырган.

Ачык булактарга таянсак, 1929-жылы Мамбетимин үй-бүлө, бала-чакасы менен кошо Россиянын Оренбург шаарына сүргүнгө айдалып кеткен. 30-жылдары казалчы сүргүндөн Ат-Башыга кайтып келген. Элдин Кытайга кетип жатканын көрүп, көчкө кошулуп Кытай тарапка качкан экен.

Бирок 1934-жылы туулган жерине кайрылып келе жаткан жеринен Каракол тараптан кармалып, он жылга кесилип кеткен. Айрым маалыматтарда Казыбек казалчы түрмөдө жатып көз жумган деп жазылса, кээ биринде түрмөдөн аман-эсен чыгып, бирок жолдо, Өзгөндүн Мырза-Аке айылына жеткенде көз жумган деп айтылат.

Казалчы болжол менен 42 жашында көз жумган.

Казыбек Мамбетимин уулунун өмүр таржымалы, жазган ырлары, анын өлгөн күнү-жылы жөнүндө расмий маалыматтар убагында болгон эмес.

Казыбектин казалдарынан:

Ат-Башыны сүрөттөгөнү

Ат-Башы, Нарын базарым,
Адамдын багын ачарым.

Калың чогуу канатташ,
Калалуу коргон базарым.

Чеги болгон Чериктин,
Чеч-Дөбө, Ата-Мазарым.

Кадимден бери жарыктык,
Калкына салган назарын.

Калемде жазуу болбосо,
Кааласын кимдер азарын.

Калың Черик билбеген,
Коконго тентип качарын.

Туулган жерден айрылып,
Моминтип турмуштун тарттым азабын.

Түрмөдөгү ырлардан

Кызыл-Белден кайрылдым,
Кымбаттуу элден айрылдым.

Карасам жүрөк өрттөнүп,
Караанын көрүп айылдын.

Суусунан өттүм Нарындын,
Теңсиздик сага таарындым.

Кара-Үңкүр суусун бойлодум,
Канчалык кыял ойлодум.

Жаш кезимде айдалып,
Жаштыктын буздум ойронун.

Аштым Долон белинен,
Арманда чыктым элимден.

Аягын байкап окусаң,
Аңгеме чыгат кебимден.

***

Таба кылган душмандын,
Табасын тапчу эгем бар.

Таарынбайлык тагдырга,
Таалайга жазган ченем бар.

Таалайга жазган эмести,
Таалайдан көрсүн деген бар.

***

Башына келет бул турмуш,
Байкасам нечен кыраандын.

Канатым талып олтурам,
Каптаган толкун кыяндан.

Калкымда эркин жүргөндө,
Кадырын билбей дүйнөнүн.

Аргымак минип алкынтып,
Ашып кетчү бел кайда.

Аябайм сенден жанды деп,
Айтып жүрчү дос кайда.

Канчалык жакын болсо да,
Карашпайт экен мындайда...

Тема боюнча

Кеп казына. Сөз ээси, журт көзү Карач акенин накылы
Кеп казына. Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан дипломат Тилекмат аке
Кеп казына. Тилинде мөөрү, таңдайында сөөлү бар Садыр акенин нускасы
Кеп казына. Сөздүн гүлүн терип сүйлөгөн чечен Сарт акенин таамай кептери
Белгилер:
кеп, кеп казына

ЭҢ МААНИЛҮҮ