Бакудагы фестивалга Кыргызстандан "Киноман" жана "Чокуда" тасмалары катышты

© Sputnik / Мурад Оруджев / Медиабанкка өтүүБаку шаары. Архив
Баку шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Киноман" кыска метраждуу фильмдер конкурсуна тандалып алынса, "Чокуда" тасмасы даректүү тасмалардын ичинен мыкты аталууга мүмкүнчүлүгү бар.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Азербайжандын борбору Баку шаарында өтүп жаткан эл аралык "Старт" кинофестивалына 30 мамлекеттен 72 тасма катышууда. Алардын арасында Аскар Нуракун уулунун "Киноман" жана Сүйүнбек Гүлжигит уулунун "Чокуда" тасмалары да бар. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо департаменти билдирди.

Съемки фильма Кочо Геннадия Базарова - Sputnik Кыргызстан
"Көчө" тасмасындагы Малике: окууга министр кайнатамдын чечими менен өткөм
Маалыматка ылайык, сынакта Кыргызстандан тышкары Азербайжан, Франция, Испания, Германия, Улуу Британия, Италия, Түркия, Иран, Россия, Грузия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Украина, Польша, Эстония, Латвия, Литва жана АКШнын режиссерлору ат салышып жатат.

Иш-чара бүгүн жыйынтыкталат.

"Киноман" кыска метраждуу фильмдер конкурсуна тандалып алынса, "Чокуда" тасмасы даректүү тасмалардын ичинен мыкты аталууга мүмкүнчүлүгү бар.

Мындан тышкары, сынактын калыстар тобуна беш киши мүчө, ага белгилүү киносынчы жана кинотаануучу Гүлбара Төлөмүшева да мүчө экени белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0