09:52 19 Жетинин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8400
  • EUR79.2474
  • RUB1.0583
Жаштар. Архивдик сүрөт

Бишкекте Кыргызстан жаштарынын күнү белгиленет

© Sputnik / Зульфия Тургунова
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
66 0 0

Иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жана Каба уулу Комомкул атындагы Спорт сарайында өтүп, ага жаш лидерлер катышат.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Бишкекте Кыргызстан жаштарынын күнүнө карата 12-13-ноябрда республикалык конгресс өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жана Каба уулу Комомкул атындагы спорт сарайда өтүп, ага жаш лидерлер катышат.

Конгресстин алкагында жаштардын мыкты долбоорлору менен демилгелери көпчүлүккө сунушталып, 2020-2030-жылдарга карата жаштар саясатынын концепциясы талкууланат. Андан сырткары, Кыргызстан жаштарынын өнүгүүсүнүн индекси көрсөтүлөт.

Мындай иш-чаранын максаты мамлекеттеги жаштар саясатын калыптандырууга жана ишке ашырууга жаштарды тартуу болуп саналат.

Кыргызстан жаштарынын күнү 10-ноябрда белгиленет.

Тема боюнча

Кыргызстанда 13 өлкөнүн өкүлү катышкан жаштар форуму өтүп жатат
Кыргызстандыктардын орточо жаш курагы кайсы аймакта жогору экени айтылды
Белгилер:
конгресс, жаштар, жыйын, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ