Илбирс менен алышкан Саяк. "Ак илбирстин тукуму" тасмасынан таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Актер Марат Жантелиевдин жаш кезиндеги сүрөт 1984-жылы Чүй облусунда тартылган.

Ал жылы режиссер Төлөмүш Океев "Кожожаш" эпосунун негизинде фильм тарта баштаган. 

© Sputnik Кыргызстан, Фото / Александр ФедоровСъемки фильма "Потомок белого барса"
Съемки фильма Потомок белого барса - Sputnik Кыргызстан
Съемки фильма "Потомок белого барса"

Ошол кезеңди КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев мындайча эскерет:

"Ак илбирстин капканга түшүп калган жерин Чүйдөгү Ак-Суу капчыгайында тартканбыз. Жапайы жаныбар зоологиялык базадан алып келинип, тартуу иштеринин жүрүшүндө бизди тийиштүү адистер коштоп жүргөн. Чындыгын ошол эпизодду тартуу кыйын эле болгон, ак илбирс ырылдап, токойчу атайын биз менен чогуу болчу. Мен колдон келишинче этияттап жүрдүм. Анда мен 22 жашта болчумун. Тасма Чүй, Нарындын кооз жерлеринде тартылган", — деп эскерди ал.

Бакен Кыдыкеева менен 100 жаштагы карыя... Каныбектеги таберик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бакен Кыдыкеева менен 100 жаштагы карыя... "Каныбектеги" таберик сүрөт
Тасмада Догдурбек Кыдыралиев, Ашыр Чокубаев, Алиман Жанкорозова, Досхан Жолжаксынов, Жамал Сейдакматова, Гүлнара Абдыкадырова, Калыйча Акматова, Айбек Кыдыралиев, Акыл Куланбаев, Светлана Чебодаева-Чаптыкова, Сакыбек Карабаев, Али Мухаммед, Раимбай Сеитов, Димаш Ахимов, Алексей Араштаев, Гүлсара Ажыбекова, Чоро Думанаев, Орозбек Кутманалиев, Асанбек Кыдырназаров өңдүү кыргыз, хакас, тажик, өзбек жана казак актерлору катышкан.

Тасма 1985-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, Берлинде эң абройлуу кинофестивалдардын биринде "Күмүш аюу", Дамаск шаарында "Күмүш кылыч" сыйлыгына татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0