Июлдун башында #140bishkek көргөзмөсү жана фестивалы өтөт

Жазылуу
Аталган иш-чара Бишкек шаардык мэриясы жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен уюштурулмакчы.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде #Art140bishkek сүрөт өнөрүнүн көргөзмөсү жана фестивалы өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, аталган иш-чара Бишкек шаардык мэриясы жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен уюштурулмакчы.

"Айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого чакырган көргөзмөгө 140 эмгек коюлат. Анын 70и живопись болсо, 70и тарыхый-маданий имараттардын, жаратылыштын калаа тургундарынын жана балдардын сүрөттөрү болмокчу. Мыкты эмгектер түрдүү кайрымдуулук акцияларга коюлат", — деп жазылат маалыматта.

Иш-чара 1-июль күнү саат 15:00дө башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0