22:35 11 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD77.6100
  • EUR91.3547
  • RUB1.0609
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
96 0 0

"Маң" — Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытаар бир күн" чыгармасына театралдык инверсия.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Муратбек Рыскулов атындагы Нарын академиялык театрында биринчи жолу "Маң" драмасы коюлду. Бул тууралуу чыгарманын автору, драматург Султан Раев өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына жазды.

Автор спектакль татаал, философиялык-авангарддык чыгарма экенине карабай, аталган театрдын актерлору ролдорду жогорку чеберчиликте аткаргандыгы үчүн ыраазы экенин айтты.

"Театрда чыгармачыл атмосфера мыкты жолго коюлганын көрүп сүйүндүм. Мындан 20 жыл илгери так ушул театрда драматург катары, кийин режиссер катары тушоом кесилип, ушул ыйык сахнадан өсүп чыктым эле. Нарын театры — менин өнөр дүйнөсүндөгү учкан уям. Бул театр мен үчүн кымбат! Нарын театрынын артисттери жогорку чеберчиликте аткарды", — деп жазган Раев.

Ошондой эле драматург ага драманы коюуга режиссер-коюучу катары Жалил Мидинов жардам бергенин кошумчалаган.

Тема боюнча

Шейшенов: маданият министрлери тез алмашкандыктан натыйжа болбой жатат
Белгилер:
театр, Султан Раев, Нарын

ЭҢ МААНИЛҮҮ