Жаздын көркү сени менен башталат! Аялдардын майрамына карата концерт өтөт

© Фото / Эркин АлымбековВ Бишкеке проходит концерт, посвященный Дню Победы
В Бишкеке проходит концерт, посвященный Дню Победы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майрамдык иш-чара 6-7-8-март күндөрү болот

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Улуттук филармонияда 8-март аялдардын Эл аралык күнүнө карата концерт уюштурулат. Бул тууралуу филармониянын адабий бөлүмүнүн башчысы Улан Зайнидин уулу Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымдады.

Анын айтымында, майрамдык иш-чара 6-7-8-март, үч күн катары менен болот.

"Ар жылы айымдардын маанайын көтөрүү биз үчүн салтанат. Гүлдөй жайнаган эже-карындаш, апаларыбызга Улуттук филармониянын чыгармачыл жамааты жана кыргыз эстрадасынын жылдыздары жагымдуу чыгармаларын тартууламакчы", — деди Зайнидин уулу.

Концерт 18:30да башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0