Чолпон жылдыздай жанган Чолпонбек Базарбаев тууралуу 5 факты

© Фото / из личного архива Чолпонбека БазарбаеваБалетмейстер и народный артист СССР Чолпонбек Базарбаев
Балетмейстер и народный артист СССР Чолпонбек Базарбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн СССРдин эл артисти, белгилүү балетмейстер Чолпонбек Базарбаевдин туулган күнү. Кыргыз балетин дүйнө жүзүнө тааныткан инсандын көзү тирүү болгондо быйыл 69 жашка толмок.

Sputnik Кыргызстан агенттиги анын өрнөктүү өмүрүндөгү орунттуу учурларды эскерип, кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Эрте чыйралган талант. Чолпонбек Базарбаев 1949-жылы 4-февралда Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында жарык дүйнөгө келген. 10 жашында Фрунзедеги музыкалык-хореографиялык училищеге тапшырып билим алган. Эмгек жолун 17 жашка толгондо Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында баштап, ошол эле жылы Москва, Ленинград шаарларына гастролдоп барган. Андан соң бир жыл Москвадагы академиялык хореографиялык окуу жайында кесипкөйлүгүн жогорулатып, борбор калаадагы театрда солист болгон. 

© Фото / из личного архива Чолпонбека БазарбаеваБалетмейстер Уран Сарбагышев менен Чолпонбек Базарбаев репетиция маалында
Балетмейстер и народный артист СССР Чолпонбек Базарбаев - Sputnik Кыргызстан
Балетмейстер Уран Сарбагышев менен Чолпонбек Базарбаев репетиция маалында

Мээримдүү ага. Балетмейстер 19 жашында атасынан айрылып, апасы беш бала менен жалгыз калган. Ошол учурда борбор калаада иштеп жүргөн үйдүн улуусу Чолпонбек бир туугандарын шаарда окутуп, жашоодо өз ордун табуусуна көмөктөшүп агалык милдетин аткара алган. Анын инилеринин бири Кудайберген Базарбаев министрлик кызматты аркалаган.

© Фото / из личного архива Чолпонбека БазарбаеваЧолпонбай Түлөбердиевдин ролун аткарып жаткан учуру
Чолпонбай Түлөбердиевдин ролун аткарып жаткан учуру - Sputnik Кыргызстан
1/4
Чолпонбай Түлөбердиевдин ролун аткарып жаткан учуру
© Фото / из личного архива Чолпонбека БазарбаеваГерманиядагы кыргыз маданият күндөрү
Германиядагы кыргыз маданият күндөрү - Sputnik Кыргызстан
2/4
Германиядагы кыргыз маданият күндөрү
© Фото / из личного архива Чолпонбека БазарбаеваЧолпонбек Базарбаев жубайы Надежда менен Америкада
Чолпонбек Базарбаев жубайы Надежда менен Америкада - Sputnik Кыргызстан
3/4
Чолпонбек Базарбаев жубайы Надежда менен Америкада
© Sputnik / Табылды КадырбековЧолпонбек Базарбаевдин опера жана балет театрынын алдындагы айкели
Чолпонбек Базарбаевдин опера жана балет театрынын алдындагы айкели - Sputnik Кыргызстан
4/4
Чолпонбек Базарбаевдин опера жана балет театрынын алдындагы айкели
1/4
Чолпонбай Түлөбердиевдин ролун аткарып жаткан учуру
2/4
Германиядагы кыргыз маданият күндөрү
3/4
Чолпонбек Базарбаев жубайы Надежда менен Америкада
4/4
Чолпонбек Базарбаевдин опера жана балет театрынын алдындагы айкели

Балетте табылган сүйүү. Кыргыз ССРинин эл артисти өзүнүн алгачкы жана жалгыз махабатын училищеде окуп жүргөндө тапкан. Колуктусу Надежда Базарбаева экөө 20 жашында баш кошуп, 33 жыл бирге өмүр сүрүп, эки баланы татыктуу тарбиялап өстүргөн.

Алдына эч кимди салдырбаган бийчи. Базарбаев өзүнүн чыгармачылыгында 30дан ашык дүйнөлүк классикалык спектаклде бийлеген. Ал 25 жыл ичинде эл аралык жана бүткүл союздук фестивалдарга катышып, кыргыз балетин дүйнө жүзүнө тааныта алган. Өнөрүнө союздук республикалардан сырткары, Европа, Африка жана Араб өлкөлөрүндө да күйөрмандары болгон. Ал өзүнүн таланты, эмгекчилдиги жана күжүрмөндүгүнүн аркасында 33 жашында биринчилерден болуп СССРдин эл артисти наамына татыган. 

© Фото / пресс-служба Минкультуры КРЧолпонбек Базарбаев гастролдоп Европа, Африка жана Араб өлкөлөрүнө чейин барган
Танцор и народный артист СССР Чолпонбек Базарбаев - Sputnik Кыргызстан
Чолпонбек Базарбаев гастролдоп Европа, Африка жана Араб өлкөлөрүнө чейин барган

Эрте келген ажал. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти 10 жылдай Кыргызстандагы театр ишмерлеринин союзунда төрага болуп, үч жыл Маданият министрлигин жектектеген. Андан соң бир нече жыл Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында директор, көркөм жетекчи кызматын аркалаган. Чолпонбек Базарбаев 2002-жылы 53 жаш курагында жол кырсыгынан улам көз жумган.

Жаш кезинде жайраган кыргыздын жакшыларын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0