БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык жаш бийчилер Москвада өткөн "Русский стандарт. МатрЕшка Style-2017" эл аралык бий конкурсунда мыкты аталышты. Бул тууралуу Кыргызстандын бий спорту боюнча федерациясы билдирди.
Ага ылайык, мелдеш 11-12-ноябрда Москва шаарында өтүп, ага 12 мамлекеттен жана Россиянын 40 аймагынан келген спортчулар күч сынашкан.
Жаш спортчу жуптар Никита Пак менен Кира Кочергина башталгыч класс боюнча биринчи орунду багындырышты.
Ал эми жуптар Даниэль Канат уулу менен Аделина Садирдинова 2+1 Ла "Е" класс багыты боюнча 15 жуптун ичинен биринчиликке татышты. Андан сырткары, 2+1 Ст "Е" класс багыты боюнча 13 жуптун ичинен экинчи орунду багындырышкан.
Жуптар Михаил Ли менен Милана Хафизова, Рамис Ибрагимов менен Сабрина Исманалиева жана Амир Бердалиев менен Вероника Тян дагы алдыңкы орундарды багындырып, байгелүү болушту.