БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бишкекте ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында "Күн бардыгына бардей тиет" деген аталыштагы фестиваль башталды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Фестивалга катышкандар сүрөт көркөм өнөрү жана кол өнөрчүлүк боюнча өз эмгектерин тартуулашат.
"Иш-чарага катышуу ниетин билдирген 1802 адамдан кат түшкөн. Алардын арасында майып балдар жана чоң адамдар, ошондой эле тогуз коомдук бирикме бар", — деп айтылат билдирүүдө.
Калыстар тобунун курамына КРдин Эл жана эмгек сиңирген артисттери, ЖОЖдордун кафедра жетекчилери кирди.
Жеңүүчүлөр диплом, грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланмакчы.