03:23 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Кентавр кинотасмасы. Архивдик сүрөт

"Кентавр" тасмасы Белоруссия президентинин сыйлыгын алды

© Фото / Эркин Болжуров
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
95 0 0

Аталган сыйлык режиссерго "Листопад" эл аралык кинофестивалынын жабылыш аземинде тапшырылган.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы "Гумандуулук жана рухийлиги" үчүн Белоруссия президентинин сыйлыгын алды. Бул тууралуу Кинематография департаментинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган сыйлык режиссерго "Листопад" эл аралык кинофестивалынын жабылыш аземинде тапшырылган.

"Актан Арым Кубат Минскиден Түркияга барат. Ал жактан "Кентавр" тасмасы негизги сынакка катышат. Ошондой эле кинотасма Таллинде өтчү "Темные ночи" эл аралык фестивалда "Панорама" программасы боюнча үч жолу көрсөтүлмөкчү", — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин аталган тасма бир канча ири кинофестивалдарга катышып байгелүү орундарга татыган.

"Кентавр" — өз элинин улуттук баалуулуктарынын сакталып калышына жан үрөгөн адам тууралуу фильм.

Тема боюнча

"Ата керээзи" тасмасы Барселонада өтүп жаткан фестивалга катышууда
"Ата керээзи" тасмасынын авторлору "Азия оскарынын" сыйлыгына көрсөтүлдү
Белгилер:
сыйлык, фестиваль, кино тасма, Актан Арым Кубат, Беларусь

ЭҢ МААНИЛҮҮ