Бишкекте фольклор жыйноочу Буудайбек Сабыр уулун эскерүү кечеси өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын имараты. Архив
Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эскерүү кечеси 25-октябрь күнү филармонияда өтөт

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. 25-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда өмүрүн кыргыз фольклорун жыйноого арнаган Буудайбек Сабыр уулунун 85 жылдыгына карата эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти.

Режиссер Динара Асанованын аривдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Режиссер Динара Асанованы эскерүү кечеси өтөт
Буудайбек Сабыр уулу миңдеген кыргыз эл жомокторун жана айтуучулардын атын сактап кийинки муунга өткөрүүгө зор салым кошкон. Бүгүнкү күндө анын фольклордук чыгармалары көлөмү жана сапаты жагынан алгылыктуу эмгектердин катарын толуктайт.

Ал 1933-жылы 30-июнда Чүй облусунун Дөң-Арык айылында туулган. 1950-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин филология факультетине өтүп, 1954-жылы аяктаган.

Андан кийин "Жаш Ленинчи", "Кыргызстан пионери" журналдарында жана "Мектеп" басмаканасында эмгектенген. Буудайбек Сабырбек уулу 2011-жылы дүйнө салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0