Бишкекте өзбек сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү өтөт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОмский педагогический университет
Омский педагогический университет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн алкагында болот

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Жума күнү Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде коңшу өлкө сүрөтчүлөрүнүн "Өзбекстандын келбети: тарых жана бүгүнкү күн" деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү өтөрүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Көргөзмөдө Өзбекстандагы жашоонун ар тарабы көрсөтүлөт.

"Өзбекстан дүйнө маданиятынын ажыратып алгыс бир бөлүгү. Өлкөнүн ар бир облусу улуттук жана жалпы адам баласынын баалуулуктарынан турган каада-салттарга ээ. Мунун баары Абдугани Жумаев, Владимир Жирнов, Рустам Шагаев, Владимир Шлосберг, Фарход Курбанбаев сыяктуу мыкты сүрөтчүлөрдүн эмгектеринде чагылдырылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чара Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн алкагында болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0