Пекинде "Манас" операсы кытай тилинде коюлду

© Sputnik / Табылды КадырбековСахнадагы театр артисттери. Архив
Сахнадагы театр артисттери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган операны коюуга эки жыл убакыт талап кылынды

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кытайдын борбору Пекинде "Манас" операсы кытай тилинде коюлганын КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ал Кытайдын Маданият министрлиги менен Опера улуттук институттун көмөгү астында Жусуп Мамайдын айтуусундагы Манастын негизинде коюлду.

Сценарийди Кытайдын биринчи даражадеги сценаристи Ван Сяолин жазган. Операны сахнага алып чыгууга эки жыл убакыт кеткен, ага Кытайдын мамлекеттик театрларынын 100дөн ашык артисти катышкан.

Операнын бет ачарына 1500дөн ашык көрөрман келген. Ошондой эле Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Азамат Үсөнов, Кызыл-Суу кыргыз автономдуу районунун эл өкүлдөр жыйынынын төрага орун басары Жумакы Кадыр, Кытайдын опера улуттук институтунун жетекчилери, этникалык кыргыздар жана башка коноктор келишкен.

Манасчы Үмөт Дөөлөтов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кичинекей манасчы Үмөт тууралуу кызыктуу сегиз факты
Опера негизинен Манас" жана "Семетей" бөлүмдөрүнөн турат. Анда Манас баатырдын улуу жеңиштери баяндалат.

Экинчи бөлүктө "Семетейдин" жараткан ийгиликтери чагылдырылган. Анын да атасынын жолун жолдоп, элин жоодон сактаган эрдиктерине орун берилген.

Аягында Манас баатырдын арбагы бардык кыргыздарды бириктирип, аларды жаңы ийгиликтерди жаратып, жаңы бийиктиктерди багындырууга шыктандырат.

Операнын жүрүшүндө кыргыз элинин каада-салты менен жашоосун чагылдырууга кеңири орун берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0