Кыргызстанда жети дубандын өнөрпоздору күч сынашат

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкын-импровизатор Азамат Болгонбаев
Акын-импровизатор Азамат Болгонбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынак райондук, облустук жана республикалык деңгээлде үч тур менен өтөт

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. "Ыйман, адеп жана маданият" жылынын алкагында республикалык "Салттуу маданият жумалыгы" кароо-сынагы өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз драма театры 91-театралдык сезонун ачат
Сынак райондук, облустук жана республикалык деңгээлде үч тур менен өтөт. Жеңүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу концерти 22-октябрда Талас шаарынын Эшим Кутманалиев атындагы стадионунда болот.

Сынак алкагында ар аймактан манасчы, комузчу жана төкмө акындардын мыктылары аныкталып, 20-21-октябрь күндөрү улуттук "Манас ордо" комплексинде республикалык деңгээлде күч сынашат. Мындан сырткары, элдик ырлар жана улуттук кийимдердин көргөзмөсү боюнча да конкурс жарыяланган.

Кароо-сынактын негизги максаты салттуу маданиятты улуттук нукта өнөктүрүү, элдик чыгармачылыктын деңгээлин жогорулатуу жана эл арасынан чыккан өнөрпоздорду, аткаруучуларды телерадио, басма сөз аркылуу элге таанытуу болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0