Бишкекте ШКУ мамлекеттеринин чыгармачылык тобу өнөрүн тартуулайт

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүМосковский государственный институт имени В. И. Сурикова
Московский государственный институт имени В. И. Сурикова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
28-сентябрдан 30-сентябрга чейин Бишкек шаарында Россиянын, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытайдын өнөрпоздору талантын көрсөтөт

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Борбор калаада "Шанхай деми — 2017" маданият фестивалы өтөт. Бул тууралуу ШКУдагы Кыргызстандын улуттук бөлүмүнүн Жаштар кеңеши билдирди.

Международный фестиваль ART-ORDO в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
ART-ORDO театр-фестивалында "Тумар ханыша" баш байгени багындырды
Аталган иш-чара кино, живопись, сүрөт, музыка жана театрды бириктирет.

Фестиваль 28-сентябрдан 30-сентябрга чейин Кыргыз улуттук филармонияда, "Манас" кинотеатрында, Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде өтөт. Бул маданий иш-чарага Россиянын, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытайдын чыгармачылык топтору катыша тургандыгы тастыкталды.

ШКУнун Жаштар кеңешинин улуттук бөлүгү боюнча координатору Таалайбек Дайырбековдун айтымында, Шанхай кызматташтык уюму бир гана соода-экономикалык багыт менен чектелбеши керек. Ал ШКУну максаты саясат эле эмес, маданияттардын алмашуусу жана улуттук салттарды сактоо экенин да кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0