04:49 18 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Кыргызстанда өткөн VI эл аралык ART-ORDO фестивалында Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры Тумар ханыша спектакли менен баш байгеге ээ болгонун аталган

ART-ORDO театр-фестивалында "Тумар ханыша" баш байгени багындырды

© Фото / Нуркыз Рыскул кызы
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
131 0 0

Фестиваль жыл сайын өтүп келет.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн VI эл аралык ART-ORDO фестивалында Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры "Тумар ханыша" спектакли менен баш байгеге ээ болгонун аталган театрдын адабий бөлүмүнүн жетекчиси Нуркыз Рыскул кызы билдирди.

Эскерте кетсек, маданий иш-чара 11-16-сентябрь күндөрү өтүп, ага Кыргызстандан тышкары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын театрлары катышкан.

"Спектаклди белгилүү акын Бактыгүл Чотурованын чыгармасынын негизинде режиссер Марат Козукеев койгон. Башкы каармандардын ролун Тынара Абдразаева, Темирлан Сманбеков, Азиз Мурадиллаев баш болгон бир топ чыгаан актерлор ойношту", — деди Рыскул кызы.

Байыркы көчмөн элдин сак уруусунан чыккан баатыр кызы Тумар ханыша (Томирис) тууралуу грек тарыхчыларынын жазып калтырган эмгектеринин негизинде ар кандай жанрда көркөм чыгармалар жаралган.

Тумар Перс падышасы Дарийге теңтайлашып, дүйнөнүн жарымын басып алган Персиянын падышасы Кирди жеңген аялдан чыккан баатыр падыша болгон. Сактарды басып кирген Кир падышанын 200 миң аскерин Тумар ханыша 80 миң кол менен талкалап, Кирдин башын алгандыгы таң калычтуу тарыхый окуя катары кылымдардан кылымдарга даңаза болуп жашап келет. Драмада баатырдык, эрдик менен бирге эле адамзаттын жаралуусундагы табигый жеке турмуштук асыл сезим баяндалып, Тумар ханышанын махабат баянына трагедиясы чырмалышып, көркөм чагылдырылган. Тарыхый маалыматтарда окуя мындан 3000 жыл мурдагы доордо болгону болжолдонот.

Тема боюнча

Асел Турдалиева: бала кезимде жеке турмушумду көп тилек кылбаптырмын
Белгилер:
спектакль, театр, "Тумар ханыша" спектакли, Нуркыз Рыскул кызы
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ