Бишкекте көчө музыканттарынын флешмобу өтөт

Жазылуу
"Музыкалуу Эркиндик" флешмобу 30 аткаруучуну бириктирет

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Бишкек шаарында "Музыкалуу Эркиндик" акциясы өтөрүн иш-чаранын уюштуруучусу Жыргал Карасартова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Аталган акция 29-июлда Эркиндик проспектисинин Бөкөнбаев көчөсү менен Чүй проспектисине чейинки аралыкта болот.

Карасартованын айтымында, аткаруучулар түрдүү музыкалык инструментте — комуз, гитара, диджерида, варган, фортепьяно, скрипка жана башка аспаптарда ойнойт.

"Бир катар вокалчылар чогулат. Өз ишмердигин жаңыдан баштап жаткан музыканттар дагы биздин акцияга катыша алат. Биз шаардыктардын көчөдө музыка ойноп жаткан музыканттарды колдошун каалайбыз. Себеби, алар элдин маанайын көтөрөт", — деди ал.

Акциянын алкагында джаз, рок, классикалык жана заманбап музыкалар жаңырат.

Биринчи жолу "Музыкалуу Эркиндик" акциясы 2017-жылы 9-апрелде өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0