Бүгүн Бишкекте кыргызстандагы эң сулуу келин тандалат

Жазылуу
Сынактын финалына 12 катышуучу өткөн

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Борбор калаада "Миссис Кыргызстан — 2017" сынагы өтүп, Кыргызстандагы эң сулуу келин тандалат. Бул тууралуу Beauty Company Kyrgyzstan Facebook тармагындагы расмий баракчасында билдирди. 

Иш-чара 10-июлда Бишкектеги ресторандардын биринде саат 19.00дө башталат.

Сынактын финалдык бөлүгүнө 12 катышуучу өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0