Бишкекте "Кандуу беттешке каршы тургандар" аттуу көргөзмө өтөт

© Sputnik / Петр Бернштейн / Медиабанкка өтүүЖоокерлер. Архив
Жоокерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көргөзмө Кыргыз-орус славян университети, Фрунзе музейи жана "Доор Медиа" фонду тарабынан уюштурулууда.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Михаил Фрунзе атындагы мемориалдык үй-музейинде "Кандуу беттешке каршы тургандар" аттуу сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Кыргыз-орус славян университетинен билдиришти.

Ага ылайык, көргөзмө 22-июнь күнү саат 10:00дө башталат.

"Көргөзмө Кыргыз-орус славян университети, Фрунзе музейи жана "Доор Медиа" фонду тарабынан уюштурулуп, Улуу Ата Мекендик согуш баатырларынын эрдиги эскерилет", — деп жазылат маалыматта.

Экспозициянын негизин согуш учурунда эрдик көрсөткөн кыргыз баатырларынын сүрөттөрү, Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин биринчи чакырылыштагы депутаттарынын сүрөттөрү жана ошол кезде чыгарылган гезиттер түзөт.

Иш-чара "Брестская крепость" тасмасын көрүү менен аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0