"Асман алдында" тасмасы Нью-Йорктогу сынакта калыстардын байгесине татыды

© AFP / TIMOTHY A. CLARYНью-Йорк шаары. Архив
Нью-Йорк шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасма Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиянын базасында Кинематография департаментинин колдоосу менен бир жыл аралыгында тартылган.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Дальмира Тилепбергенованын "Асман алдында" тасмасы Нью-Йорк шаарында өткөн Евразия киносунун эл аралык фестивалында калыстардын баш байгесине ээ болгонун Кинематографты колдоо фондусунан билдиришти.

Манасчы Саякбай Каралаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
"Саякбай" тасмасы кытай тилине которулду
Маалыматка ылайык, иш-чара 16-18-июнь күндөрү өткөн.

Фестивалга Кыргызстан "Асман алдында" жана Болсунбек Таалайбек уулунун "Олжо" тасмалары менен барган.

Сүйүү, жоготуу, ишеним тууралуу бул тасма Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиянын базасында Кинематография департаментинин колдоосу менен бир жыл аралыгында тартылган. Жалпы бюджети 6,5 миллион сомду түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0