Бишкекте өспүрүм балдардын сүрөт көргөзмөсү өттү

© Фото / пресс-служба Художественной школы-интернатаХудожественная выставка учеников интерната в Бишкеке
Художественная выставка учеников интерната в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарада балакайлардын эмгектери көрсөтүлдү.

БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. Бишкектеги Көркөм сүрөт мектеп-интернатында "8+8" аталышында сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Бул тууралуу аталган окуу жайдан маалымдашты.

Ага ылайык, иш-чара мектеп-интернаттын эң жаш окуучулары болгон 8-класс тарабынан уюштурулган.

"Көргөзмөгө жаш болсо да маанилүү эмгектерди жараткан он беш окуучунун 150дөн ашык ар кандай темадагы иштери коюлду. Бул иш-чара жеткинчектердин биринчи саамалыгы", — деп жазылат маалыматта.

Сүрөт көргөзмөсүнө Көркөм сүрөт академиясынын жана колледжинин окуучулары, студенттери жана алардын ата-энелери катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0