ӨКМдин тарыхы Фрунзе музейинде көрсөтүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудник МЧС пожарной службы
Сотрудник МЧС пожарной службы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каалоочулар өрт өчүрүүчүлөрдүн кийимин кийип, куткаруучулардан аркан байлоону үйрөнө алышат.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Ишемби күнү Бишкектеги Михаил Фрунзенин үй-музейинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматтарынын өнүгүү тарыхына арналган акция өткөрүлөрүн министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

"Иш-чарада өрткө каршы кызматтын калыптануу тарыхы менен таанышып, өрт өчүрүүчү унаалар тууралуу кеңири маалымат берилет. Ошондой эле куткаруучулардын ишин өз көзүңөр менен көрө аласыңар", — деп айтылат билдирүүдө.

Каалоочулар өрт өчүрүүчүлөрдүн кийимин кийип, куткаруучулардан аркан байлоону үйрөнө алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0