БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. 17-февраль күнү саат 11:00дө Борборлоштурулган китепкана системасында "Ата — жүрөк, эне — мүрөк" деген аталыштагы жолугушуу боло турганын Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
"Иш-чаранын негизги максаты — жаштарды кыргыз элинин баалуулуктары менен тааныштыруу, улуттук каада-салтты жайылтуу жана окурмандарды китепканага тартуу", — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка караганда жолугушууга белгилүү коомдук ишмерлер, журналисттер, шаар тургундары жана Жусуп Баласагын атындагы улуттук университети менен Кыргыз-түрк "Манас" окуу жайынын студенттери катышат.