Адеп, ыйман жана маданият жылына карата социалдык роликтерге сынак жарыяланат

© Sputnik / Табылды КадырбековСыналгынын пультун кармаган адамдын архивдик сүрөтү
Сыналгынын пультун кармаган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казаков концепция менен бирге ролик тартууга кете турган чыгымын да эсептеп чыгууну тапшырды.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnuk. Адеп, ыйман жана маданият жылына карата элдин аң-сезимине оң таасир бере турган социалдык роликтер үчүн сынак жарыяланат. Бул боюнча Кино үйүндө тегерек стол өткөнүн Кинематография департаменти билдирди.

Келин жаңы теледолбоорун тартуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
"Келин" теледолбоору: боорсок жасап, уй сааганды үйрөнгөн бийкечтер
Маалыматка ылайык, иш-чарага маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков, Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев, "Кыргызфильм" улуттук киностудиянын директору Гүлмира Керимова жана бир катар продюсер, режиссер менен сценарист, операторлор катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө министр режиссерлорго жогорку деңгээлде тартылып, коомчулукту жакшы жакка үндөгөн социалдык ролик тартуунун концепциясын иштеп чыгууну сунуштады.

Буга чейин тартылып, эл оозуна алынган роликтерди мисал кылган министр ушу тапта аракеттер көрүлгөнү менен деңгээл төмөн болуп жатканына токтолду.

Ар кыл пикирлер айтылган иш-чаранын соңунда сынак жарыялоо чечими кабыл алынды. Департамент сынактын регламенти, шарты кийинчерээк белгилүү болорун белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0