Башканы коюп, Манасты айт. Жаш манасчылардын сынагы өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековСахнага чыгууга камынып жаткан өспүрүмдөр, архив
Сахнага чыгууга камынып жаткан өспүрүмдөр, архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынактын байге фондусу 500 миң сомду түзүп, мыкты аталган манасчы баш байге — 100 миң сомго ээ болот.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Ноябрь айында жаш манасчылардын сынагы өтүп, ал түз эфирден көрсөтүлө турганын иш-чаранын уюштуруучусу "Саякбай манасчы" коомдук фондусу билдирди.

"Башканы коюп, Манасты айт" сынагынын тандоо туру октябрь айынын соңунда өтүп, финалга 12 манасчынын чыгышы каралган. 

"Долбоор улуттун өзгөчөлүгү болгон манас айтуу өнөрүн сактоо, жайылтуу максатын көздөйт. Сынакка 15 жаштан 25 жашка чейинки өнөрпоздор катыша алат", — деп айтылат маалыматта.

Байге фондусу 500 миң сомду түзүп, мыкты аталган манасчы баш байге — 100 миң сомго ээ болот. Жарыш КТРКдан жана "Маданият" каналдарынан түз көрсөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0