Султан Раевдин "Ханышанын көз жашы" драмасы Англияда көрсөтүлдү

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүЛондон шаары. Архив
Лондон шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы каарман Курманжан датка менен Силуэттин ролун белгилүү британ актерлору Кейти Тревелян менен Антони Офиобу ойноду.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Белгилүү драматург Султан Раевдин "Ханышанын көз жашы" драмасы Англиянын The Space театрында көрсөтүлдү. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

Спектаклди көрсөтүү Лондондогу эң мыкты OrzuARTS театрынын негиздөөчүлөрү Юлдош Журабоев жана Жозеф Сандерс тарабынан уюштурулган. 

Башкы каарман Курманжан датка менен Силуэттин ролун белгилүү британ актерлору Кейти Тревелян менен Антони Офиобу ойноду. 

"Бул пьеса аркылуу мен Орто Азияны өзүм үчүн ачып жатам. Ошондой эле Кыргызстан тууралуу кызыктуу нерселерди үйрөнүүдөмүн", — деди ал.

Премьерада пьесанын автору Султан Раев, Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Гүлнара Искакова жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0